Насыя боюнча адис
Jalal-Abad, Bazar-Korgon
Jalal-Abad, Nooken
Jalal-Abad, Kochkorata village

Dos-Credobank өзүнүн командасына финансылык жана кредиттик мекемелерде тажрыйбасы бар насыя боюнча адистерди чакырат.

Ошондой эле эмгек тажрыйбасы жок талапкерлерди, акы төлөнүүчү стажировкадан ийгиликтүү өткөндөн кийин ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн карайбыз.

Төмөндө эмне кылуу керектигинин кыскача сүрөттөлүшү келтирилген:

  • Кардарларды тартуу жана Банктын кардар базасын көбөйтүү;
  • Белгиленген пландарды орундатуу, банк продуктыларын сатуу.

Биз тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз жана командабыздын жаңы мүчөлөрүн ар дайым тосуп алабыз. Адаптация процесси мүмкүн болушунча натыйжалуу болушу үчүн, талапкерлерге минималдуу талаптарыбыз бар:

  • Жогорку/орто билими;
  • Кредит берүү тармагында иш тажрыйбасы артыкчылык болот;
  • MS Office (Word, Excel) программасын колдонуучу деңгээлинде билүү;
  • Аналитикалык жана критикалык ой жүгүртүү.

Биздин кесиптештерибиз үчүн көптөгөн жагымдуу артыкчылыктарыбыз бар, алардын айрымдары:

  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу;
  • Квартал сайын кошумча акы төлөнүүчү эс алуу күндөрү;
  • Ден соолукту сактоо үчүн компенсация пакети;
  • Атаандаштык эмгек акы + айлык бонус системасы;
  • Банктын эсебинен окутуу;
  • Банктын эсебинен корпоративдик иш-чаралар, туристтик сапарлар.