Бишкек, Кыргызстан, 4-август, 2023-ж. – “Дос-Кредобанк” ААК жана “Paysend” Төлөм жүргүзүү уюму узак мөөнөткө кызматташуу боюнча Келишимге кол коюшту. Жаңы кызматташтык эл аралык акча которууларда кардарларга жеткиликтүү жана ыңгайлуураак кызматтарды көрсөтүүгө багытталат.
Бүгүнкү күндө, кардарлардын көпчүлүгүндө эл аралык төлөмдөрдү жүргүзүү жана акча которуу зарылчылыктары жаралууда. Банк кардарлар үчүн алдынкы чечимдерди кабыл алуу менен бул процессти жеңилдетүүгө аракет жасайт жана Paysend менен кызматташуу – дал ушул багыттагы кадамдардын бири болуп саналат.
“Paysend” Төлөм жүргүзүү уюму ишенимдүүлүгү, ыкчамдыгы жана глобалдык камтуусу менен таанымал уюм. Анын инновациялык технологиялары атайын белгиленген комиссия менен Евробиримдикке кирген бардык өлкөлөрдөн, Улуу Британия, Бириккен Араб Эмираттары, АКШ жана башка дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөлөрүнөн ЭЛКАРТ картасына түз акча которууларды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Бул биздин кардарлар үчүн эл аралык акча которуу процесстери мурдагыдан жеткиликтүү жана ыкчамыраак, ал эми аны ишке ашыруу процедуралары байкаларлык жөнөкөйлөшөрүн түшүндүрөт. Акча каражаттарын алуу ыңгайлуу жана пайдалуураак болмокчу.
Башкармалыктын Төрагасынын Орун басары Чинара Бекташева "Биз Paysend менен кызматташуу үчүн кубанычтабыз. Биздин максат — кардарларыбыздын каржы операцияларын жүргүзүүлөрүн эң мыкты сервис жана ыңгайлуулук менен камсыздоо. Paysend системасы менен бул келишимге кол коюу биздин кардарларга эл аралык акча которуу операцияларын ашыкча убаракерчилик жана чыгымдарсыз жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Биздин кызматташтык ыңгайлуу жана коопсуз акча которуу зарылчылыгы бар бардык кардарларыбыз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенебиз",- деп белгиледи.
Банк кардарлардын кызыкчылыктарын коргоо жана ар бир кардардын каржы операциясын жеңилдетүү аракети менен жоопкерчиликтүү каржы институту катары иш алып барат. Paysend системасы менен жаңы кызматташууну баштоонун артында, Doscredobank өнүгүүнү жана кардарлардын каржы маселелерин жеңилдетүү үчүн инновациялык жолдорду сунуштоону улантат.
Жакынкы күндөрү банк кардарлар үчүн биргеликте уюштурулган Акция тууралуу жарыялоону пландап жатат. Бул тууралуу толугураак маалымат банктын расмий сайтына жайгаштырылмакчы.
Маалымат үчүн:
Paysend — бул дүйнө боюнча акча которуунун жөнөкөй, ылдам жана ишенимдүү жолун сунуштаган төлөм жүргүзүү уюму. Paysend дүйнөнүн 170тен ашуун өлкөсүндө ишмердүүлүк жүргүзөт жана глобалдык камтууну кеңейтүүнүн үстүнөн үзгүлтүксүз иш алып барат. Бүгүнкү күндө акча жөнөтүү үчүн 50 өлкө жана акча кабыл алуу үчүн 170тен ашуун өлкө жеткиликтүү.