Кымбаттуу достор, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин "Орто, кичи жана майда ишкерликти тезинен колдоо" долбоорунун алкагында, Doscredobank 18 айга пайызсыз насыяларды берет.
• 250 000 сом өлчөмүндөгү насыя - жылдык кирешеси 8 миллион сомго чейинки, өз ыктыяры менен/милдеттүү патент төлгөн же бирдиктүү салыктын негизинде иш алып барган ишкерлер үчүн берилет.
• Суммасы 1 миллион сомго чейинки насыялар - жылдык кирешеси 8 миллион сомдон ашкан, жеке ишкерликтин каттоосу тууралуу күбөлүктүн негизинде жана юридикалык жак катары иш жүргүзгөн жеке ишкерлерге берилет.
Насыяны жумшоонун максаттары:
- эмгек акы төлөө;
- кызматтар үчүн счёт-фактураларды төлөө;
- ижара акысынын чыгымдарын төлөө;
- коммуналдык кызматтар (анын ичинде Интернет үчүн дагы) үчүн төлөмдөр;
- жүгүртүү операциялары үчүн капитал катары.
*Насыя алуу үчүн талап кылынган негизги шарт - билдирүү калтырган күнгө чейин, 2018-жылдын 1-июлунан бери ишкананын 8 ай активдүү иш жүргүзгөндүгүн тостыктоо.
Doscredobank, Сиздердин пайдаңыздар үчүн!