12 March 2025 15:03

Достор, сиздерге кам көрүү менен эскертебиз!

Алдамчылар банк кызматкери болуп танышып, бейтааныш номерлерден чалып, жашыруун маалыматтарды сурашы мүмкүн. Сак болуңуздар!

Doscredobank кызматкерлери эч качан сурабайт:

  • SMS аркылуу келген сырсөздөрдү жана коддорду
  • Картанын маалыматын (номер, CVV-код, PIN)
  • Онлайн-банктын логиндерин жана сырсөздөрүн

Эгер сизге бейтааныш номерден чалып, картаңыздын же эсебиңиздин маалыматын сурашса, эч качан бербеңиз жана дароо банкка байланышыңыз.
Кандай гана күмөн жаралбасын, биздин адистерге кайрылсаңыз болот.

Өзүңүздү жана финансыңызды коргоңуз! Бардык суроолор боюнча биздин колл-борборго 8686 номери аркылуу кайрылыңыз.

Урматтоо менен, Doscredobank командасы.