30 December 2024 15:12

Боом капчыгайындагы электрокүйүүчү станция: экологиялык, ыңгайлуу жана акысыз!

Урматтуу кардарлар,

Сүйүнүчтүү кабар! Боом капчыгайындагы “Ак-Жол” кафесинин аймагында жайгашкан биздин электрокүйүүчү станциябыз ишин улантууда. Бул Каракол багытына сапар тарткан электромобилдердин ээлери үчүн эң сонун жаңылык!

Негизги артыкчылыктары:
    •    Акысыз заряддоо: Бардык кардарларыбыз үчүн бул кызмат толугу менен акысыз.
    •    Түнү-күнү жеткиликтүү: Станция күнү-түнү, дем алышсыз иштейт, бул ар кандай убакта ыңгайлуулукту камсыздайт.
    •    Ыңгайлуу жайгашкан: Боом капчыгайы — унааңызга кубат толтуруп, кооз жаратылышты тамшануу менен эс алуу үчүн эң сонун жер.

Бул демилге DosCredobank’тын экологиялык таза транспортту өнүктүрүү жана көмүр кычкыл газынын изин азайтуу максатын көздөгөн “DCB Green” программасынын алкагында ишке ашырылган. Программа аркылуу биз электромобил ээлерине төмөнкүдөй колдоо көрсөтөбүз:
    •    Акысыз кубаттоо мүмкүнчүлүгү.
    •    Электромобилдерди сатып алуу үчүн атайын бөлүп төлөө шарттары.
    •    Кыргызстандын негизги аймактарында экологиялык инфраструктураны өнүктүрүү.

Биздин инфраструктурадан пайдаланып, жаратылышты коргоо менен бирге ыңгайлуу жана коопсуз сапардан ырахат алыңыз. Табиятка кам көрүү жана сиздин ыңгайлуулугуңуз — биздин башкы максатыбыз!

DosCredobank — туруктуу келечекти биргеликте куруу үчүн сиздин өнөктөшүңүз!

Суроолор боюнча жана толук маалымат алуу үчүн: 8686 номерине чалыңыз.