20 December 2024 17:12

«Дос-Кредобанк» ААКнын Ош филиалы мектепке информатика классы үчүн заманбап жабдууларды берди

Жаңы жылдын алдында «Дос-Кредобанк» ААКнын Ош филиалы Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылындагы Т. Ашырбаев атындагы №92 орто мектепке колдоо көрсөттү.

Бул демилгенин алкагында мектепке информатика классын толук жабдуу үчүн системалык блокторду, мониторлорду жана башка заманбап компьютердик жабдууну берди. Бул кадам окуучуларга заманбап технологияларды пайдалануу менен билим алуу мүмкүнчүлүгүн берип, аймактын билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө маанилүү салым болуп калды.

«Билим берүү – бул прогресстин негизи, мында биздин максатыбыз – балдардын ийгиликтүү келечек үчүн керектүү куралдарды алуусуна жардам берүү. Жабдуулар мектеп окуучуларын маалыматтык технологияларды изилдөөгө жана жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырат деп үмүттөнөбүз», — деп белгилешти «Дос-Кредобанк» ААКнын Ош филиалынын өкүлдөрү.

Билим берүүнү колдоо – бул банктын социалдык жоопкерчилигинин негизги аспекттеринин бири. «Дос-Кредобанк» ААК ишенимдүү финансылык кызматтарды гана камсыздабастан, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү менен, алардын жашоосун жакшыртууга багытталган демилгелерге активдүү катышат.