04 June 2024 09:06

Алдамчылардан кардарлар үчүн коопсуздук эрежеси

Урматтуу кардарлар! 

Акыркы убакта алдамчылык аракеттери көбөйдү. 

Толук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн, сиз төмөнкү жөнөкөй эрежелерди сакташыңыз керек:

Кардарлар үчүн коопсуздук эрежелери

1. Интернет-банкингди коопсуз пайдалануу эрежелери

  • Өзүңүздүн логинди (user name), паролду (password) же пин-кодду (pin-code) ачыкка чыгарбаңыз
  • Интернет-банкингге кирүү үчүн өзүңүздүн жеке маалыматтарыңыздын жазуусун башка адамдар үчүн жеткиликтүү жерде калтырбаңыз. Маалыматтарды жазуу эмес, эстеп калуу сунушталат. Бул маалыматты алып жүрүүчүлөрдүн баарын өчүрүү сунушталат.
  • Сиздин маалыматтарыңыздын чыгып кетишине жол бербөө үчүн шектүү жерлерде – мисалы, интернет-кафеде Сиздин Интернет-банкинг жеке баракчаңызга кирбеңиз
  • Паролуңузду мезгил-мезгили менен алмаштырыңыз (үч айда бир жолудан кем эмес)
  • Интернет-банкинг системасына кирүү үчүн сиздин идентификациялык маалыматтарыңызды кимдир бирөө билгенине шектенсеңиз, дароо Банкка маалымдаңыз
  • Эгерде шектүү транзакцияларды аныктасаңыз, дароо Банкка маалымдаңыз
  • Коопсуздукту камсыздоо үчүн E-токен алыңыз. Е-токен – бул ар бир жолу кайрадан системага кирүү паролдорунун бирин түзгөн, кошумча коопсуздукту камсыз кылган түзүлүш (брелок түрүндө) (кошулганда бир жолу төлөнөт).
  • Система идентификациялык маалыматтарды системага 3 ирет туура эмес киргизүүгө жол бере турганына көңүл буруңуз. 4-ирет паролду жана/же ПИН-кодду, жана/же Е-токен-паролду (Е-токен пайдаланганда) туура эмес киргизген учурда Банктын системасы муну коопсуздук системасын бузуу катары карайт, анын натыйжасында Сиздин идентификациялык интернет номериңиз блокко салынат.

 

АЛДАМЧЫЛЫКТАН КАНТИП КОРГОНУУ КЕРЕК

 1. Төлөм карталарын накталай акчаны, мүлктү сактагандай эле кылдат сактоону сунуштайбыз. Сиздин коопсуздук           эрежелерин сактаганыңыз Сиздин картаңыз боюнча алдамчылык тобокелдигин төмөндөтүүгө жардам берет.

 2. Сураныч, төмөндөгү маалыматка көңүл буруңуз:

«Дос-Кредобанк» ААК сиздин жеке маалыматтарыңызды электрондук почта аркылуу ЭЧ КАЧАН СУРАБАЙТ, анткени бул коопсуздук түшүнүгүнө карама-каршы келет.

Сураныч, шектүү операциялар жөнүндө билдирүүгө көңүл буруңуз. Эгерде Сиздин эсебиңизге Сиз күтпөгөн акча түшкөнүн билдиришсе, бул алдамчылык аракетин шектенүү үчүн жетиштүү болот.

2. Банкоматтар

1. Керектүү коопсуздук чараларына байланыштуу сунуштар

2. Банкомат аркылуу операция жүргүзүүдөгү коопсуздук чаралары

БАНКОМАТ АРКЫЛУУ ОПЕРАЦИЯ ЖҮРГҮЗҮҮДӨГҮ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ

  • Банкоматтан накталай акча алганда, банкомат сиз каалаган төлөм системасынын карталарын тейлей тургандыгын текшеришиңиз керек (негизинен банкоматтарда кардарларга кайсы төлөм системаларынын карталары банкомат тарабынан тейлене тургандыгы жөнүндө маалымдаган чаптамалар жайгашкан).
  • Башка банктардын банкоматтарында акча каражаттарын накталай алуу үчүн комиссия алына турганын унутпаңыз, Банктын тарифтерин карап чыгыңыз.
  • Банкомат аркылуу операция жүргүзүүдөн мурун, кырдаалды баалоо керек. Банкоматтын иштебестигинин кандайдыр бир тышкы белгилерин көрсөңүз, анын жанында же үстүндө бөтөн түзүлүштөр бар экенин аныктасаңыз, бул тууралуу ошол банкоматты тейлеген банкка билдириңиз жана башка банкоматты колдонуңуз.
  • Экранында башка банкоматтарга өтүү жөнүндө өтүнүч менен билдирүү чагылдырылган банкоматтарды пайдаланбаңыз. Банктар мындай билдирүүнү чыгарбайт.
  • Бардык учурда, мүмкүн болушунча, Сиз тааныш болгон банкоматтарды пайдаланыңыз. Башка учурларда жакшы жарыктандырылган жана ыңгайлуу жерде жайгашкан банкоматтарды тандаңыз.
  • Эгерде Сиз атайын бөлмөдө турган банкоматты пайдаланганы жатсаңыз, картаны аны кирүү түзүлүшүнө салып бөлмөнүн эшигин ачып кириңиз. Бул түзүлүштөр ПИН-кодду киргизүүнү талап кылбашы керек. Эгерде Сиз бөлмөдө ПИН-кодду киргизүүнү талап кылган түзүлүштү аныктасаңыз, аны пайдаланбаңыз.
  • Сиздин артыңызда кезекте турган адамдардын Сиздин ПИН-кодду көрүү мүмкүнчүлүгү жоктугуна ынаныңыз. ПИН-кодуңузду киргизүүдө банкоматтын клавиатурасын бөтөн адамдардан жабыңыз.
  • Эгерде банкомат туура эмес иштеп жатканын сезсеңиз, «Токтотуу» баскычын басып, картаны алыңыз жана башка банкоматты пайдаланыңыз.
  • Картаны карта слотуна (кабыл алуучу түзүлүштүн көзөлгөн тешигине) салуу үчүн эч качан күч колдонбоңуз.
  • Банкоматта болгонуңузда Сизди эч кимдин алагды кылышына жол бербеңиз.
  • Операция аяктагандан кийин накталай акчаны жана картаны алып кетиңиз. Алган акчаны банкоматтын жанында санабаңыз – накталай акчаны, картаны жана чекти дароо алыңыз.
  • Эгерде картаңыз банкоматка кармалып калса, ушул учурда Сизге жардам берүүнү сунуштаган адамдардан сак болуңуз. Сиздин картаны блокко салуу үчүн бул тууралуу банкыңызга, ошондой эле банкомат бөлүмдө жайгашса, банк бөлүмүнүн персоналына дароо маалымдаңыз.

Төлөм картасын колдонуу боюнча пайдалуу кеңештер

3.Банк карталары

Зарыл коопсуздук чараларына байланыштуу сунуштар:

 

  • Сизге банк берген картаны пайдалануу эрежелерин окуңуз. Эгерде кандайдыр бир Эреже сизге түшүнүксүз болсо, банктын кызматкери менен байланышыңыз.
  • Картаңызды эч качан кароосуз калтырбаңыз, аны коопсуз орунда сактаңыз.
  • Сатып алууга төлөм картасы менен төлөп жатканда ал боюнча бардык операциялар Сиздин көзүңүзчө жүргүзүлүшүнө аракет кылыңыз. Сатуучунун/официанттын Сиздин картаңызды башка бөлмөгө алып кетүүсүнө уруксат бербеңиз, операцияларды Сиздин көзүңүзчө жүргүзүүсүн талап кылыңыз.
  • Эгерде Сиз сатып алуудан баш тартсаңыз же эгерде чекти же слипти тариздөөдө катага жол берилсе, бузулган чекти/слипти Сиздин көзүңүзчө жок кылышын өтүнүңүз, ал эми экинчи нусканы өзүңүз менен ала кетиңиз жана бир ай сактаңыз (карта эсеп боюнча көчүрмө менен салыштырып текшерүүгө чейин).
  • Мүмкүн болушунча Сиздин картаңызды Интернетте колдонбоңуз, Сиздин картаңыздын реквизиттерин (картанын номери, атайын CVV коду – Card Virtual Verification, колдонуу мөөнөтү) электрондук почта аркылуу бербеңиз.
  • ПИН-кодду (персоналдык идентификациялык номер) эч качан картага жазбаңыз. ПИН-кодду эстеп калуу керек. Эгерде ПИН-кодду жазып коюуну чечсеңиз, ал Сизден башка бирөөнө белгилүү болбошу үчүн муну шифрленген түрдө жасаш керек жана аны эч качан карта менен бирге алып жүрбөңүз.
  • ПИН-кодуңузду эч качан ачыкка чыгарбаңыз, сиз аны эч кимге: банк кызматкерлерине да, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө да, соода түйүндөрүнүн кассирлерине да билдирүүгө милдеттүү эмессиз. Карта ээси гана өзүнүн ПИН-кодун билүүгө тийиш.
  • Картаны жоготкон же уурдаткан учурда ал боюнча алдамчылыктан оолак болуу үчүн банктын кызматкерлери картаны блокко салышы үчүн банкка же Авторизация борборуна дароо кайрылуу керек.
  • Картаңызды эч качан үчүнчү жактарга: досуңузга, жубайыңызга, өзгөчө алар чет өлкөгө кетип жатса аларга бербеңиз. Эгерде банкомат кандайдыр бир себептен улам картаны алып койсо, анда Сизде жана Сиздин жакындарыңызда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.
  • Сиздин үй-бүлө мүчөлөрүңүздүн кошумча карталарды колдонушун көзөмөлдөңүз. Сиз кошумча карталар боюнча жүргүзүлгөн бардык операциялар боюнча толук жоопкерчилик тартасыз.
  • Эсеп боюнча көчүрмөнү дайыма текшерип туруңуз. Шектүү операцияларды канчалык тез аныктап, шектенүүңүз тууралуу билдирсеңиз, ошончолук жакшы болот. Дооматтарды коюу үчүн Сиз жана банк белгилүү бир аракеттерди жасай ала турган так макулдашылган мөөнөттөр бар. Чектерди сактап, картанын эсеби боюнча көчүрмө менен салыштырып текшериңиз. Карта эсебиңиздеги калдыкты улам текшерип туруңуз.
  • Сиздин каалооңуз боюнча чыгашанын ар күндүк же ар айлык лимитин белгилөө үчүн банкка кайрыла аласыз. Бул Сиздин эсебиңизди алдамчылыктан кошумча коргойт.
  • Банктан кандайдыр бир жеке маалыматтарды билдирүүнү суранган электрондук билдирүү алган учурда, Сизге белгилүү болгон телефон номери аркылуу дароо банкка кайрылыңыз жана мындай билдирүүнүн чындап банк тарабынан жөнөтүлгөндүгүн текшериңиз.
  • Сиздин картаңыздын реквизиттери башка адамдарга белгилүү болуп калганынан шектенүүлөр жаралган учурда бул тууралуу дароо өзүңүздүн банкка билдириңиз.
  • Банк мекемесинде же соода түйүнүндө картаны алып койгон учурда, кассир картаны алып коюу датасын, убактысын жана себептерин көрсөтүү менен Акты түзүүгө тийиш. Картаны алып койгон кассирдин колу менен Актынын нускасын кассирден алыңыз. Андан кийин шашылыш түрдө банкка же байланыш-борборуна кайрылыңыз.

ТӨЛӨМ КАРТАСЫН ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР

  • Картаны портмонеде же атайын кутуда сактаңыз.
  • Картаны ийилип калуудан, тытылуудан жана башка механикалык таасирлерден жана бузулуулардан коргоңуз.
  • Картаны уюлдук телефонго, телевизорго, компьютерлердин дисплейине, муздаткычтарга, видео жана аудиоаппаратурага, микротолкундуу мешке жакын кармоого болбойт.
  • Картаны магнит бекиткичи бар сумкада же портмонеде кармоого болбойт.
  • Картаны сууга түшүп кетүүдөн жана күн нурунун узак таасиринен коргоңуз.

 

АЛДАМЧЫЛЫКТЫН КЕҢИРИ ТАРАЛГАН ТҮРЛӨРҮ:

  • Фишинг 
  • Скимминг 

Алдамчылыктын кеңири таралган түрлөрү:

  1. ФИШИНГ

Фишинг – бул Интернет колдонуучуларды реалдуу болгон сайттардын (онлайн сервистердин, банктардын жана колдонуучу өзүнүн жеке маалыматын калтыра турган башка жерлердин) көчүрмөсүнө кызыктыруу үчүн жасалма каттарды жөнөтүү. Бул билдирүүлөрдө негизинен колдонуучулардан веб-баракчага кирүүнү өтүнүшөт, анда маалыматты жаңыртуу шылтоосу менен жеке маалыматтарды киргизүүнү сурашат. Бирок жабырлануучуга кадыр-барктуу компаниянын веб-баракчасы сыяктуу көрүнгөн нерсе чындыгында алдамчылар түзгөн имитация болуп саналат. Алдамчылар төлөм картасынын номерин,  PIN коду, ошондой эле башка жеке маалыматты оңой эле алышат.

  • Фишингдин жардамы менен алынган маалыматтар интернет-дүкөндөрдө сатып алууларды тариздөө үчүн, ошондой эле почтада же телефондо авторизациялоонун жардамы менен каражаттарды алуу үчүн колдонулушу мүмкүн. Мындай алдамчылыктын негизги коркунучу картадан акчаны алууда ПИН-код колдонулганында турат жана мындай операциялардын жыйынтыгын дээрлик талашуу мүмкүн эмес. Банк кардарлардан берген коддорду жана паролдорду эч качан сурабай турганын эстен чыгарбоо керек. Банктык маалыматтык технологиялар системалары өтө так жана ишенимдүү, ошондуктан кардарлар “бизде бир нерсе жоголду” же “биз бир нерсени текшерели дедик эле” деген билдирүүлөргө ишенбеши керек.

Сиздерден эч качан мындай провакациялык азгырыкка ишенбөөнү жана алдамчылардын кылтагына илинбөөнү өтүнөбүз. Банктан кат алганда муну чындап эле банк жөнөттүбү деп ойлонуп көрүңүз.

  1. CКИММИНГ

Азыркы убакта дүйнө жүзүндө банкоматтарда алдамчылыктын эң кеңири таралган жолу скимминг болуп саналат – бул андан ары анын маалыматтарын башка картага жазуу менен, картанын магниттик тилкесин көчүрүү. Төлөм картасы жөнүндө маалыматка ээ болуу менен, алдамчылар картаны жасалмалайт жана ПИН-кодду билүү менен, кыска мөөнөттө түздөн-түз банкоматтар аркылуу банктык эсептердин чоң көлөмүнөн акчаны алат. Төлөм картасы жөнүндө маалыматты окуу үчүн алдамчылар колдонгон түзүлүш (карта номери жана ПИН-код) банкоматтын алдыңкы бөлүгүнө орнотулат жана банкоматтын кадимки бөлүгү катары жашырылат. Мисалы, картанын магниттик тилкесин көчүрө турган окуучу түзүлүш картаны киргизүү үчүн уячанын үстүнө коюлат.