Бүгүн Doscredobank’тын жаңы сактык кассасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бөлүм “Аламүдүн Гранд” (Жибек Жолу проспекти 150а) соода борборунда жайгашкан.
Сактык касса бай салтыбызды чагылдырган уникалдуу этникалык стилде жасалгаланган. Интерьердин ички дизайны оюу-чиймелерди камтыйт. Андан дароо улуттук маданият менен заманбап өнүгүүнүн мыкты айкалышы байкалат.
Символикалык кызыл лентаны башкармалыктын төрагасынын башчысы Чынара Бекташева жана Банктын кардары кести.
“Биз кардарларыбызга мыкты сервис жана шарттарды түзүүгө аракет жасайбыз. Банк филиалдык тармактарды өнүктүрүү боюнча стратегиялык негизги максаттарын пландуу түрдө аткарып келе жатат. Бул аракеттерибиз кардарлар ыңгайлуу шартта сапаттуу тейлөөгө ээ болууга мүмкүндүк берет”, - деп белгиледи башкармалыктын төрагасынын орун басары Чынара Бекташева.
“Аламүдүн Гранд” жаңы сактык кассасынын кардарлары банк кызматтары менен продукттарынын кеңири түрлөрүн колдоно алышат: жеке эсеп ачуу жана аны жүргүзүү, депозит ачуу жана аны толуктоо, акча каражаттарын алуу жана которуу, төлөм карталарын ачуу, насыя алуу жана аны төлөө.
Сактык кассанын алгачкы кардарларына жагымдуу азем белектер таратылды. Ал эми ачылыш аземдин жалпы коноктору үчүн шоу-программа жана этностилдеги фуршет уюштурулду.
Сиздерди жаңы бөлүмүбүздө күтөбүз!
“Аламүдүн Гранд” сактык кассасынын иш тартиби:
Дүйшөмбү – Жекшемби: 08:30 -17:30
Түшкү тыныгуусуз
Күнү-түнү иштеген байланыш борбору: 8686
www.dcb.kg