09 June 2023 16:06

Салтанаттуу иш-чарада мамлекет башчы “Дос-Кредобанк” ААК башкармалыгынын төрайымы Эшбердиева Чолпон Молдалиевнага “Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти” мамлекеттик сыйлыгын тапшырды.

Бүгүн, 9-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. 

Ага Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров катышып, өз сөзүндө дүйнөлүк финансылык-экономикалык кризистин таасирине карабастан Кыргызстандын каржылык сектору, улуттук төлөм жана банк системасы өнүгүп, өзүнүн бекем, туруктуулугун көрсөткөнүн айтты. 

Кыргыз Республикасынын президенти Улуттук банктын жана ал жүргүзүп жаткан каржылык-насыялык саясаттын маанилүүлүгүнө токтолуп, финансы рыногундагы адистер жумуштарын ак ниеттүүлүк, кесипкөйлүк жана жоопкерчилик менен аткаргандыгын белгиледи. 

“30 жыл ичинде кыргыз сому Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн туруктуулугунун символу жана ал өлкөнүн көз карандысыз экономикалык саясатынын башкы элементи болуп калды”, - деди Садыр Жапаров.

Салтанаттуу иш-чарада мамлекет башчы “Дос-Кредобанк” ААК башкармалыгынын төрайымы Эшбердиева Чолпон Молдалиевнага “Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти” мамлекеттик сыйлыгын тапшырды. 

Өлкө башчынын сөзүнүн тексти: