14 November 2024 15:11

Simbank

Doscredobank уникалдуу мобилдик тиркеме Simbankты ишке киргизди, эми ал Кыргызстандагы ар бир колдонуучуга жеткиликтүү. Simbank — бул банктык тейлөөнү тез, ыңгайлуу жана толугу менен мобилдүү кылуу үчүн түзүлгөн тиркеме, ал керектүү бардык финансылык куралдарды бир колдонмодо камсыздайт.

Тиркемеге катталгандан кийин, Simbankтын кардарлары кредиттик лимити бар стилдүү кара картаны тариздей алышат. Картаны тариздөө болгону 3 мүнөттү талап кылат жана кардардын каалаган жерине акысыз жеткирилет. Ошондой эле картаны Doscredobankтын бирден-бир бөлүмүнөн өз алдынча алып кетүүгө болот (тиркемеде тандоо мүмкүнчүлүгү бар).

Simbankтын кардарлары үчүн негизги мүмкүнчүлүктөр:

  • 200 000 сомго чейинки кредиттик лимит жана 62 күнгө чейинки жеңилдетилген мөөнөт. Кредит боюнча чечимдер банкка барбастан, кезексиз жана ашыкча документтерсиз кабыл алынат.
  • Картаменен сатып алуулар үчүн 20% га чейин кэшбэк. Кэшбэк дароо сатып алуудан кийин топтолот жана 250 сомдон жогору суммада картка чыгарууга жеткиликтүү болот.
  • Акысыз төлөмдөр жана которуулар: карталарга которуу, терминалдар аркылуу картаны толуктоо, мобилдик телефонду толуктоо, коммуналдык жана мамлекеттик кызматтарды, айып пулдарды төлөө, QR-код менен төлөмдөр.

Мындан тышкары, Simbank уникалдуу функцияларды сунуштайт, мисалы: телефондун бир силкинүүсү менен ыкчам которуулар үчүн "Shake to Pay", досторуңуз менен жалпы эсебиңизди бөлүшүү мүмкүнчүлүгү жана чыгашаларды туз, түшүнүктүү графиктер менен мониторингдөө.

Simbank — бул Doscredobankтын мобилдик банкингинин жаңы этабы, ыңгайлуулукка жана ачыктыка багытталган.

Тиркеме азыр App Store жана Google Playде жүктөө үчүн жеткиликтүү.