06 September 2023 08:09

«Пенсионердик карта» продуктысына тарифтердин өзгөрүшү жөнүндө билдирүү

Урматтуу кардарлар,

2023-жылдын 5-октябрынан тартып «Пенсионердик карта» продуктысынын тарифтерине өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгын билдиребиз.

Ушул күндөн тартып тарифтердин 27-пунктунда каралган карт эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы боюнча жылдык 5% өлчөмүндө пайыздарды эсептөө жокко чыгарылат.

Картаны колдонууну пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранабыз.

Түшүнгөнүңүз үчүн рахмат.

Кошумча маалымат алуу үчүн банктын филиалына кайрылсаңыз болот же 8685 call-борбору аркылуу байланышсаңыз болот