05 June 2024 12:06

“Биз бирге жеңебиз!” 5-июнда балдар онкологиясы бөлүмүндө шахмат турнири өттү!

Балдарды коргоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Шахмат федерациясы ушундай өзгөчө турнирди уюштурду жана Doscredobank сыймыктануу менен бул иш-чараны колдоого алды.

Биздин кичинекей каармандарыбыз укмуштуудай рухтун күчүн жана стратегиялык ой жүгүртүүнү көрсөтүштү. Алардын ар биринин дени сак жана бактылуу болушун каалайбыз!

Биз мындай маанилүү окуянын бир бөлүгү болгонубузга кубанычтабыз жана мындай демилгелер балдарыбызга кубаныч жана дем берет деп үмүттөнөбүз.

#Doscredobank #БалдардыКоргооКүнү #ШахматТурнири #БалдардынСаламаттыгы #КРШахматФедерациясы