"Дос-Кредобанк" ААК финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш-чара өткөрдү.
2024-жылдын 28-октябрынан 31-октябрына чейин бүтүндөй Кыргызстан боюнча Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнүнө арналган эл аралык кампания өттү. Бул долбоор жаштардын жана студенттердин арасында аманаттар маданиятын калыптандырууга жана финансылык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатууга багытталган. "Дос-Кредобанк" ААК өлкөнүн алдыңкы окуу жайларында лекцияларды жана мастер-класстарды уюштуруп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (КРУБ) демилгесин колдоого алды.
Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында банктын кызматкерлери 500дөн ашык студенттерди камтып, аларга жеке финансыны башкаруунун негиздери жөнүндө, туруктуу аманаттардын маанилүүлүгү, инвестициялар жана бюджетти пландаштыруу жөнүндө айтып берди. Кампаниянын кызыктуу элементтеринин бири 238 000ден ашык аудиториянын арасында финансылык сабаттуулукту популяризациялоого багытталган Instagram платформасындагы сынак болуп калды.
Негизги иш-чаралар Кыргызстандын окуу жайларында өттү:
Ар бир иш-чарада студенттер финансылык негиздер жөнүндө көбүрөөк билүү менен четкелбестен, банк чөйрөсүндөгү кесипкөй жана карьералык жолго тиешелүү суроолорду бере алышты. Ошондой эле банк Нарында жана Ошто студенттер үчүн өз кеңселерине экскурсия уюштурду, банк чөйрөсүндө иш кандай түзүлгөнүн практикада көрсөтүп берди.
Буга кошумча "Дос-Кредобанктын" кызматкерлери КРУБ жана Кыргызстандын башка коммерциялык банктары менен биргеликте уюштурулган финансылык жарманкеге катышты.
Биз мындай маанилүү долбоордун бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү менен сыймыктанабыз жана банк чөйрөсүндө карьерасын өнүктүрүүгө кызыкдар болгон бардык студенттерди "Дос-Кредобанк" ААКда стажировкадан өтүүгө чакырабыз. Силер финансы дүйнөсүндө чыныгы кесипкөй болууга жардам бере турган уникалдуу тажрыйба жана билим аласыңар.
Финансылык сабаттуулукту бекемдөөдө бизге кошулуңуздар! "Дос-Кредобанк" ААК коомду өнүктүрүүгө жана туруктуу келечекти түзүүгө багытталган демилгелерди ар дайым колдоого алат.