23 Ноябрь 2021 14:11

Капитализация деген эмне?

Капитализация - бул эмне?

Жөнөкөй тил менен айтканда – бул пайыздарды пайызга кошуу.

Бул кантип иштейт?

Көп учурда бул төмөндөгүдөй иштейт:

Сиз банкта депозит ачасыз, мисалы, 100 000 сомго, жылдык пайыздык ставкасы 11,5%. Ошондо, бир жылдын аягында депозитке кошулчу сумма 11 500 сом болот. Депозитти жабуу убактысында жалпы сумма 111 500 сомду түзөт.

Бирок, дагы бир жолу айтсак, бул кадимки учур. Эми, Doscredobankтин «Бай Бол!» депозитин айта кетели. Бул депозитти ачканда пайыздар төмөнкүдөй эсептелет:

Ошол эле 100 000 сомдук сумма үчүн (түшүнүк катары), 11,5% пайыздык ставка менен, эсептелген пайыздар негизги суммага кошулат (ар айлык капитализация)! Бардык мезгил үчүн эсептелген пайыздын жалпы суммасы 12 126 сомду түзөт. Ал эми жалпы алууга боло турган сумма 112 126 сом болот. Биринчи жана экинчи варианттардын ортосундагы айырма 626 сомду түзөт. Депозиттин суммасы чоң болгон сайын айырма дагы көбөйөт.

Биринчи айда сиздин капитализацияңыз 958 сом болот, ошондо депозиттин суммасы 100 958 сомго жетет, экинчи айда пайыздар 100 000 сомго эмес, 100 958 сомго эсептелет, жана мындай улана берет.

«Бай Бол!» депозитинин дагы бир нече артыкчылыктары бар:

• Пайыздарды биринчи айдан баштап алуу мүмкүнчүлүгү

• Ай сайын кошумчалоо мүмкүнчүлүгү (жөнөкөй банк бөлүмдөрүндө жана биздин сайттагы интернет-банкинг аркылуу)

• Ошондой эле учурда «Бай Бол!» депозитинин максималдуу пайыздык ставкасы 12% түзөт!

Ал эми, депозит боюнча эсептөөлөрдү биздин сайттан жасай аласыз.

Акчаңызды туура сактаңыз!

Сиздерге кам көргөн, Doscredobank

#байбол!

8686 – түнү-күндүз Call-центр