Финансылык сабаттуулук— бул келечекке ишенимдүүлүк жана кыялдарды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү. Сабаттуу мамиле менен турак жай сатып алууга, кыялдагыдай эс алууга же балдарга билим берүүгө мүмкүн болот. Максаттарыңызга тез жетүүдө сизге жардам бере турган жөнөкөй кеңештер:
Максат коюңуз
Эмнеге акча топтоп жатканыңызды аныктаңыз жана мөөнөттү белгилеңиз. Мисалы, бир жылдан кийин эс алуу үчүн керектүү сумманы айлардын санына бөлүңүз.
Бюджет түзүңүз
"50/30/20" эрежеси боюнча кирешени бөлүштүрүңүз:
50% — негизги чыгашалар (турак жай, тамак, транспорт);
30% — жеке керектөөлөр;
20% — акча топтоого жана инвестицияга.
Депозиттерди пайдаланыңыз
Сиздин каражаттарыңыз сакталып жана көбөйүшү үчүн банкта депозит ачыңыз. Мисалы, Doscredobankта топтолгон акчанын тез өсүшү үчүн пайыздарды капиталдаштырган "Бай Бол" депозити жеткиликтүү.
Акча топтоону автоматташтырыңыз
Белгиленген сумма автоматтык түрдө депозитке которулушу үчүн автотөлөмдөрдү жөндөңүз. Бул процессти жеңилдетет жана пайдалуу адатты калыптандырат.
Кешбэк менен үнөмдөңүз
Кешбэк жана бонустук программалары бар карта сарптаган акчанын бир бөлүгүн кайтарып берет, аны топтоп жаткан акчага салсаңыз болот.
Инвестиция салыңыз
Узак мөөнөттүү максаттар үчүн инвестиция караңыз, мисалы, алтынга инвестиция салыңыз. Doscredobankта алтынды банк уячаларында сактоого болот – бул коопсуз жана ыңгайлуу.
Прогрессти баалаңыз
Максатыңызга канчалык жакындаганыңызды дайыма текшерип туруңуз жана зарыл болгондо планды тууралаңыз.
Резервдик фонд түзүңүз
Күтүүсүз жагдайларга, 3-6 айлык чыгымга барабар сумманы кармап туруу сунушталат.
Дароо бүгүн баштаңыз!
Акча топтоо – бул сизди чоң жыйынтыктарга алып келе турган жөнөкөй кадамдар. Банктын инструменттерин колдонуңуз жана өз келечегиңизге салым кошуңуз.