1) Эгер карта жоголуп кетсе же аны уурдап кетишсе эмне кылыш керек?
Эгер карта жоголуп кетсе же аны уурдап кетишсе эмне кылыш керек?
Жаңылынды 17.01.2025
Эгер Сиз өз картаӊызды жоготуп алсаӊыз же аны уурдап кетишсе, анда кардарларды күнү-түнү колдоо борборуна 8686 кыска номуруна чалып, картаны болушунча тезирээк тосмолоо зарыл.
2) Карта менен төлөө учурунда кантип алдамчылыктын курмандыгы болуп калбаш керек?
Карта менен төлөө учурунда кантип алдамчылыктын курмандыгы болуп калбаш керек?
Жаңылынды 17.01.2025
Чекке кол коёрдон мурда, анда көрсөтүлгөн сумма чыныгы сумма менен дал келерин текшериӊиз. Эгер сиз айырмачылык тапсаӊыз, анда чекке такыр кол койбоӊуз. Сиздин маалыматтарыӊызды уруксатсыз колдонуунун алдын алуу үчүн картаӊыздын реквизиттери жазылган документти эч качан ыргытпаӊыз.
3) Банктын бөлүмүнөн нак акчаны карта менен кантип алууга болот?
Банктын бөлүмүнөн нак акчаны карта менен кантип алууга болот?
Жаңылынды 17.01.2025
Бул операцияны жүргүзөрдөн мурда тейлеген Банк ала турган комиссиянын суммасы менен таанышыӊыз. Кассадан алыстабай туруп, акчаны санап, текшерип алыӊыз.
Эгер Сиз катары менен бир нече жолу пин-кодуӊузду туура эмес киргизсеӊиз, эгер картаӊыздын мөөнөтү өтүп кеткен болсо же банкоматта техникалык үзгүлтүк болсо банкомат картаны алып калышы мүмкүн. Себептерин тактап, андан ары териштириш үчүн Банк менен байланышуу зарыл.
5) Картаны Элкарт-Мобайл тиркемесине кантип байлоого болот?
Картаны Элкарт-Мобайл тиркемесине кантип байлоого болот?
Жаңылынды 17.01.2025
Тиркеме менен иштеп баштоо үчүн Сиз төлөм картаӊызды байлашыӊыз зарыл. Картанын ээси дал Сиз экениӊизди текшерүү максатында Сизге банкомат, интернет-банкинг, смс-билдирүү аркылуу (эгер Сиз бул кызматка кошулган болсоӊуз) алынган мини-көчүрмөдөн бул картадагы тосмолонгон сумманы билүүгө тийишсиз.