«ЭКО-Туризм» кредиттөө программасы DCB Green Doscredobank тарабынан иштелип чыккан «жашыл» насыя болуп саналат жана биздин өлкөдө туризм тармагын өнүктүрүүгө жана ички туризм бизнесине энергияны үнөмдөөчү жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө багытталган. «Жашыл» кредиттин бул түрү туризм жана мейманканалык тейлөө менен алектенген жеке ишкерлерге, ошондой эле юридикалык жактарга – кафелерге, ресторандарга, мейманканаларга, конок үйлөрүнө, боз үй лагерлерине, санаторийлерге жана клиникаларга арналган.
«ЭКО – Туризм» кредити төмөнкү максаттарга берилет:
1. жылытуу жана муздатуу чыгымдарын азайтуу үчүн имараттарды жылуулоо;
2. жашыл жана кайра жаралуучу энергия технологияларын киргизүү;
3. сууну үнөмдөө - тамчылатып сугаруу системаларын, тазалоочу курулмаларды жана жамгыр сууларын чогултуу;
4. жылытуу, муздатуу жана желдетүү системаларын жакшыртуу;
5. энергияны үнөмдөөчү жарыктандырууну киргизүү;
6. энергияны үнөмдөөчү жана сууну үнөмдөөчү жабдууларды орнотуу жана эксплуатациялоо;
7. таштандыларды сорттоо үчүн таштанды челектерин сатып алуу, ошондой эле колдонулган пластмассадан таңгактоо үчүн прессти сатып алуу жана энергияны жана ресурстарды үнөмдөө боюнча башка чаралар.
Жоопкерчилик боюнча бонустар: "ЭКО-Туризмди" өз убагында жана толук төлөгөн Доскредобанктын насыя алуучулары кредит боюнча төлөнгөн пайыздарды (кэшбэк) 10% өлчөмүндө кайтарып алууга укуктуу.
Жаӊылыктар
11 Апрель 2025
ЭКОНОВОСТИ
«Дос-Кредобанк» ААК туруктуу жана экологиялык өнүгүүгө кошкон салымы үчүн «Сапат» мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болду
Бүгүн «Дос-Кредобанк» ААК Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан негизделген «Сапат» мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болду. Бул абройлуу сыйлык Банктын туруктуу өнүгүү, экологиялык жоопкерчиликтүү бизнес жаатындагы жетишкендиктери жана 2023-2024-жылдары инновациялык технологияларды киргизгени үчүн ыйгарылды.
"Жашыл Депозит": Экологиялык таза келечекке сиздин салымыңыз
Топтолгон каражаттардын 1%ы төмөнкүлөргө жумшалат:
• Өлкөнү жашылдандыруу жана парк зоналарын калыбына келтирүү
• Экологиялык транспорт үчүн инфраструктураны өнүктүрүү