DCB GREEN

Долбоор жөнүндө

"Жашыл" каржылоо - бул каржы рыногун өнүктүрүүнүн заманбап дүйнөдөгү сапаттуу деп эсептелген мүмкүнчүлүгү. Акыркы жылдары барган сайын көптөгөн өлкөлөр дүйнө жүзүндөгү экологиялык абал глобалдык деңгээлде начарлап бара жатканына көңүл бура баштады. Экологиялык коопсуздуктун бузулуусу жана айлана чөйрөнү коргоо маселеси дүйнөлүк коомчулук үчүн өзгөчө актуалдуу болуп калды жана экологиялык таза технологияны түзүү, ишке киргизүү - маселени чечүүнүн негизги багыты экендиги аныкталды. Уникалдуу жаратылыш экосистемасына ээ Кыргызстан, биосфера ресурстарын рационалдуу пайдалануу маселесине өзгөчө маани берип, климаттын өзгөрүүсүнүн жагымсыз кесепеттери менен күрөшүү чараларын кабыл алуу процессинде.

"Жашыл экономика" мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө салым кошуу максатында "Дос-Кредобанк" ААКу экологиялык таза технологияны "жашыл продукттар" спектрин насыялоого багытталган DCB Green атайын программасын ишке киргизди. Алгачкы этап катары кыйла жаңы сегмент - зыяндуу газдардын абага тароосун азайтууга жол ачкан экологиялык таза транспорт каражаты - электромобилдерди каржылоо болуп саналат. Бул кадам калктын жаңы технологияларга болгон кызыгуусун арттырууга жол ачат, жол жүрүүнүн заманбап түрүнө болгон суроо-талаптын калыптануусуна шарт түзөт жана мунун негизинде керектөөчүлөрдү коомдо "экологиялык" жашоо кечирүүнү көндүм катары алып жүрүүсүнө үндөйт. КРнын ичинде транспорт каражаты катары электр каражаттарынын экосистемасынын потенциалы жогорулап жаткандыгына байланыштуу "Дос-Кредобанк" ААКу DCB Green эко долбоорунун алкагында ушул долбоордун өнөктөштөрүнүн түйүндөрүнө колдонуу үчүн орнотулган кубаттоочу станциялардын санын көбөйтөт. Бүгүнкү күндө Бишкек жана Ош шаарларында тийиштүү каржылоонун негизинде өз автопарктарын электр автомобилдери менен толуктоого кызыкдар болгон транспорттук компаниялар бар.

Экологияны, айлана-чөйрөнү коргоо жана калктын саламаттагын коргоо үчүн өзүнүн "жашыл" стратегиясын кеңейтүү иретинде, "Дос-Кредобанк" ААКу өнөктөш уюмдар менен биргеликте, көмүр отунду жагуунун кесепетинен улам смогдун, сымап аралашмасынын жана абага формальдегиддин таралуусун кыскартууга, ошондой эле калктын канцерогендик тобокелдигинин деңгээлин төмөндөтүү максатында турак-жайларды газификациялоо боюнча долбоорду ишке киргизди. 2021-жылы 9-июнда "Дос-Кредобанк" ААКнун жана "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу алкагында газификация боюнча кызматтардын тутумуна калктын жана юридикалык жактардын жетки алуусуна багытталган Меморандумга кол коюлду. Газ жабдууларын 18 айга чейин пайызсыз (0%) бөлүп төлөө шарты менен сатып алуу уникалдуу мүмкүнчүлүгү электр энергиясы менен жылытуу системасынан баш тарткан калк үчүн каражатын үнөмдөөгө гана эмес, үй чарбасын тейлөөгө кеткен чыгымдарды да жөнгө салууга мүмкүнчүлүк түзөт. Газификация боюнча долбоорлорду колдоо экологиялык жана социалдык долбоорлорго көмөк көрсөтүүгө багытталган, ошондой эле климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу, энерго жана ресурстарды коргоону колдоо "Дос-Кредобанк" ААКнун жана "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын "жашыл" векторду өнүктүрүүнүн актуалдуу бөлүгү болуп эсептелет. Жашыл насыялоо - бул курчап турган чөйрөгө жана жалпы коомго пайда алып келген жоопкерчиликтүү каржылоо.

26 Ноябрь 2024
ЭКОНОВОСТИ

Экологияга кам көрүү менен Doscredobank'тан жашыл кредиттер.

Жашыл кредиттер жөнүндө кеңири маалымат банктын сайтында DCB Green бөлүмүндө берилген.

Көбүрөөк билиӊиз
07 Август 2024
ЭКОНОВОСТИ

Doscredobank’тан пайыздык чендерди төмөндөтүү!

C 07.08.2024 - 30.08.2024

Көбүрөөк билиӊиз
25 Июль 2024
ЭКОНОВОСТИ

Doscredobank менен экологиялык кыймылга кошулуңуз!

None

Көбүрөөк билиӊиз
31 Май 2024
ЭКОНОВОСТИ

«Дос -Кредобанк» ААК жашыл облигациялар боюнча төртүнчү пайыздык мезгил боюнча кирешелерди төлөө жөнүндө маалымдайт

«Дос -Кредобанк» ААК жашыл облигациялар боюнча төртүнчү пайыздык мезгил боюнча кирешелерди төлөө жөнүндө маалымдайт

Көбүрөөк билиӊиз
23 Май 2024
ЭКОНОВОСТИ

ЭКОДОМ жылдык 20% дан баштап

None

Көбүрөөк билиӊиз
28 Февраль 2024
ЭКОНОВОСТИ

ESG: трендден дагы көбурөөк

Башкармалыктын Төрагасы-Эшбердиев Чолпон Менен Маек

Көбүрөөк билиӊиз
01 Ноябрь 2023
ЭКОНОВОСТИ

Doscredobank жана MoveGreen

Абанын сапатына чогуу кам көрөбүз!

Көбүрөөк билиӊиз
26 Июль 2023
ЭКОНОВОСТИ

Doscredobank завершил размещение дебютного выпуска Зеленых облигаций

в объёме 85 млн.сомов

Көбүрөөк билиӊиз
29 Июнь 2023
ЭКОНОВОСТИ

Doscredobank жашыл облигацияларынын 70% беш күндүн ичинде жайгаштырылды

Туруктуу инвестицияга кызыгууну көрсөткөн сонун жаңылык

Көбүрөөк билиӊиз
08 Июнь 2023
ЭКОНОВОСТИ

Doscredobank Green Finance Awards TM алды

«Жашыл финансыны өнүктүрүүгө кошкон зор салымы» номинациясындагы жеңиши үчүн

Көбүрөөк билиӊиз