17 Апрель 2025 13:04

"Дос-Кредобанк" ААК жана FRONTIERS стратегиялык кызматташтык жөнүндө

Doscredobank OJSC signed an agreement with FRONTIERS, a leading financial institution in the Central Asian region, aimed at developing cooperation in the field of financial services

Key areas of cooperation:

* Development of innovative financial technologies

* Expansion of the line of banking products for corporate and private customers

* Financial inclusion in the regions of Kyrgyzstan

"Дос-Кредобанк" ААК Борбор Азия аймагынын алдынкы финансы институту болгон FRONTIERS менен финансылык кызматтар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган макулдашуу түздү.


Кызматташтыктын негизги багыттары:
* Инновациялык финансылык технологияларды өнүктүрүү
* Корпоративдик жана жеке кардарлар үчүн банктык продукттардын линейкасын кеңейтүү
* Кыргызстандын аймактарында финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу

"Дос-Кредобанк" ААК Башкармасынын Төрагасынын сүйлөгөн сөзү

*" FRONTIERS менен өнөктөштүк бизге алдынкы финансылык чечимдерди киргизүүгө жана Кыргызстандын банк секторунун туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө мүмкүндүк берет.
Биз кардарларыбызга гана эмес, жалпысынан өлкөнүн экономикасына пайда алып келе турган, узак мөөнөттүү кызматташууну көздөйбүз. Биргелешкен долбоорлор бизнес жана жеке адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачат деп ишенебиз."*

Күтүлгөн жыйынтыктар:

  • Санарип банктык сервистерди өркүндөтүү
  • Эл аралык финансы инструменттерине жетүү мүмкүндүгүн кеңейтүү
  • Рынокто банктын атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу