05 Сентябрь 2023 15:09

Doscredobank энчилүү жашыл облигациялар боюнча кирешелерди төлөп бере баштагандыгын жарыялайт

Doscredobank энчилүү жашыл облигациялар боюнча кирешелерди төлөп бере баштагандыгын жарыялайт

Doscredobank жашыл облигациялар боюнча алгачкы пайыздык мөөнөттүн алкагындагы кирешелер төлөмүн ишке ашыра баштарын кубануу менен кабарлайт. Тактап айтканда, дебюттук жашыл облигацияларды сатып алган инвесторлор чыгарылыштын шарттарына жооп берген инвестицияларынын пайыздарын ала алышат: 
• Кирешелерди төлөп баштоонун мөөнөтү: 13-сентябрь, 2023-жыл
• Кирешелүүлүк - 16%
• Облигациянын номиналдык наркы - 1000 сом
Жашыл облигацияларды чыгаруу туруктуу каржылоо тармагындагы жана экологиялык жактан жооптуу долбоорлор жаатындагы маанилүү окуяны чагылдырат. Бул долбоорду колдогон инвесторлор инвестицияларынын артынан киреше алып гана чектелбестен, планетанын жашылыраак жана саламат келечегин түзүүгө өз салымдарын кошуп жатышат. 
Кирешелерди төлөө облигациялардын аракеттеги мөөнөтүнүн ичинде, квартал сайын Doscredobank’тын 84% биологиялык материалдардан жасалган VISA картасына салынып турат.
Жашыл облигацияларга инвестиция кылуу каржылык жактан пайдалуу чечим гана болбостон, климаттык өзгөрүү менен болгон күрөшкө катышуу жана экологиялык маанидеги долбоорлорду колдоо да болуп эсептелет. 
Пайыздык кирешелерди алууга укугу бар инвесторлордун тизмеси 2023-жылдын 7-сентябрында түзүлөт. Төлөмдүн формасы - акча каражаты. 
Төлөм төлөнүүчү дарек: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй кең көчөсү 92 же болбосо инвестордун жазган арызынын негизинде банктык эсебине которуу менен ишке ашырылат. Толугураак маалымат алуу үчүн колл-борбор: 8686 (уюлдук телефондон чалуу акысыз)
“Дос-Кредобанк” ААКтын жашыл облигацияларын чыгаруу КРдин Экономика жана Коммерция Министрлигинин алдындагы Каржы Рыногун Тескөө жана Көзөмөлдөө Мамлекеттик кызматы тарабынан 2023-жылы 26-майда №0201085816 каттоого алынган. 

Маалымат үчүн: “Дос-Кредобанк” ААКы банк кызматтарынын рыногунда 26 жылдан ашуун убакыттан бери иш алып барат. 2023-жылы Банк Борбор Азиядагы, Кавказдагы, ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү, Батыш Кытайдагы, Монголиядагы жана Чыгыш Европадагы туруктуу каржылоо жана “жашыл” өнүктүрүү тармагындагы жетишкендиктерди баалоо жана таануу максатындагы “Астана” Эл аралык каржы борбору тарабынан негизделген “Green Finance Awards” эл аралык сыйлыгынын ээси болду. “Outstanding Contribution to the Development of Green Finance” номинациясы аймактын жашыл экономикасына жана туруктуу өнүктүрүүсүнө айтарлык салым кошкон жана ага үндөгөн уюмга ыйгарылат.