13 Ноябрь 2024 11:11

Doscredobank Ак-Бешим айылында билим берүүнү колдойт: Ж. Баласагын атындагы мектепке эмеректер жана компьютерлер берилди

Doscredobank Ак-Бешим айылында билим берүүнү колдойт: Ж. Баласагын атындагы мектепке эмеректер жана компьютерлер берилди

Doscredobank аймактарда билим берүү демилгелерин активдүү колдоону улантат. Кайрымдуулук долбоорунун жана корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин алкагында банк  окуучулар менен мугалимдерге окуу жана өнүгүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Ак-Бешим айылындагы Ж. Баласагын атындагы мектепке кеңсе эмерегин жана компьютердик жабдууну берди.

Берилген эмерек жана техника окуу класстарынын ыңгайлуугун жана функционалдуулугун жогорулатууга арналган. Ошондой эле компьютерлер окуучуларга азыркы шарттарда билим берүү процесси үчүн олуттуу мааниге ээ болгон санариптик ресурстарга жетүү мүмкүндүгүн берет. Бул жабдуу ийгиликтүү келечек үчүн зарыл болгон билимди жана көндүмдөрдү өздөштүрүүдө окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берет.

Doscredobank сапаттуу окутуу шарттары өсүп келе жаткан муун үчүн маанилүү деп эсептейт жана мындай демилгелерди кубануу менен колдоого алат!