23 Декабрь 2024 06:12

Doscredobank туруктуу өнүгүү боюнча биринчи отчетту сунуштайт

«Дос-Кредобанк» ААК туруктуу өнүгүү боюнча өзүнүн биринчи отчётун  (ESG-отчет) жарыялоо жөнүндө сыймыктануу менен билдирет. Бул олуттуу кадам банктын экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчиликке умтулуусун, ошондой эле туруктуу келечекти курууда анын салымын баса белгилейт.
Отчет Doscredobank туруктуу өнүгүү принциптерин өз ишине кандай интеграциялап жатканын жана коом, кардарлар жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүсүн чагылдырат. 


Отчеттун негизги жетишкендиктери:

  • Экологиялык жоопкерчилик:

    Филиалдарда энергияны керектөөнү азайтуу жана экологиялык технологияларды киргизүү 
    Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлорго катышуу.

  • Социалдык таасир:

    Жергиликтүү жамааттарды колдоо үчүн билим берүү жана финансы программаларын ишке ашыруу.
    Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.

  • Корпоративдик башкаруу:

    Ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана этикалык стандарттарды бекемдөө.
    Узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу.


"Туруктуу өнүгүү боюнча биринчи отчетту жарыялоо - бул биздин банк үчүн алдыга карай маанилүү кадам. Биз туруктуу өнүгүүнүн жогорку стандарттарын жана глобалдык тренддерин жактоочулугубузду тастыктайбыз" — деп белгиледи Doscredobank Башкармасынын төрайымы Эшбердиева Чолпон Молдалиевна.


Келечек пландары

Отчет туруктуу өнүгүү жаатындагы демилгелерди андан ары өнүктүрүү үчүн негиз болот. Банк "жашыл" технологияларды пайдаланууну кеңейтүүнү, социалдык колдоону күчөтүүнү жана жаңы бийиктиктерге жетүү үчүн ички процесстерди өркүндөтүүнү пландайт.  


Отчеттун толук версиясы банктын расмий сайтында жеткиликтүү: https://www.dcb.kg/kg/green/section/esg/

Биз бул Отчетту даярдоодо колдоо көрсөткөндүгү үчүн ишкердикти жана бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү боюнча USAID долбооруна чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин салымыңыздарды бийик баалайбыз, коомдун жыргалчылыгына жана бизнести өнүктүрүүгө багытталган маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда мындан ары жемиштүү кызматташтыкты улантууга үмүттөнөбүз.

 


Doscredobank жөнүндө: «Дос-Кредобанк» ААК — кеңири спектрде финансы кызматтарын көрсөткөн Кыргызстандын ири банктарынын бири. Банк жалпы жыргалчылык үчүн бизнестин, коомдун жана жаратылыштын аракетин бириктирүү менен, туруктуу өнүгүү принциптерин сактайт.