"Дос-Кредобанк" ААК DCB Green программасынын алкагында "Дос-Кредобанк" ААКуна Техникалык жактан жардам көрсөтүү боюнча GCF долбоору старт алганын кубануу менен кабарлайт. Дал ушул максатта март айында бул демилгени ишке ашыруу үчүн Жашы Климаттык Фонддун (GCF) өкүлдөрү, эксперттери жана стейкхолдерлери менен жолугушуу уюштурулган.
Жашыл Климаттык Фонду (GCF) - өз ишмердүүлүгүн климаттык өзгөрүүлөр менен күрөшүүгө жана аны натыйжалуу жайылтып, туруктуу өнүктүрүүгө багыттаган бирикмелерди колдоо үчүн түзүлгөн фонд.
Жашыл Климаттык Фонду (GCF) зыяндуу заттардын чыгындыларын азайтуу жана климаттык өзгөрүүлөрдүн туруктуулугун камсыздоого багытталган, белгилүү бир улуттук деңгээлдеги салым (БУДС) кошуу демилгелерин ишке ашырууну көздөгөн өнүккөн өлкөлөрдү колдоо укугуна ээ.
Тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн алкагында, долбоордун ишке ашырылышы жана иштен күтүлгөн жыйынтыктар, ушул маселелер менен катар КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, КРнын Улуттук Банкы жана башка өлкөдөгү каржы секторлорунун өкүлдөрү катары кызыкдар болгон тараптар үчүн тааныштыруу иретиндеги тренингдерди өтүү планы, ошондой эле КРнын ЖРЭТКМи, КРУБ менен макулдашылган иш планы аныкталды.
Банктын DCB Green программасы Кыргызстандын ар кайсы аймактарында экологиялык таза технологияны киргизүүгө жана ишке ашырууга багытталган. Акыркы бир нече жылдар аралыгында Банк экологиялык транспорт, "жашыл" курулуш жана имараттардын "энерго-натыйжалуулугу, органикалык айыл чарбасы, курчап турган чөйрөнү коргоо үчүн айтарлык салымы бар биоартүрдүүлүктү сактоо, жогорку социалдык стандарттарды сактоо жана өлкөнү бир нече жылга өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду жеңилдетилген каржы шарттары менен колдоп, ишке ашырып келе жатат.