27 Октябрь 2023 14:10

Чакан жана орто бизнес тармагындагы инновациялар: дароо накталай эмес төлөмдөр үчүн QR-код

Чакан жана орто бизнес ээлери жана ишкерлер үчүн маанилүү жаңылык! “Дос-Кредобанк”  ААК жана “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК «ELQR» QR – коду аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуунун жөнөкөйлөтүп жана жакшырткан инновациялык чечимди кубануу менен тааныштырат.
ELQR-код – төлөмдөрдү жүргүзүүнүн заманбап дүйнөсүндө сиздин ишенимдүү жардамчыңызга айлана турган, чакан жана орто бизнеске ылайыкташкан, ийгиликтүү төлөмдөр ачкычы.

  • Бардык банк тиркемелеринен же электрондук капчыктардан төлөмдөрдү комиссиясыз кабыл алуу: QR-коддун жардамында кардарлардан төлөмдөрдү комиссиясыз кабыл ала аласыз, ал эми төлөмдөр түздөн-түз сиздин эсепке келип түшөт.
  • Көптөгөн төлөм системалары менен иштешүү: ELQR кассалык камсыздоо программалары, интернет-дүкөндөр, мобилдик тиркемелер жана башка системалар менен оңой интеграцияланат, иш алып барат.
  • Накталай эмес төлөө мүмкүнчүлүгүн түзүү: кардарларыңыз товар жана кызматтар үчүн динамикалуу жана туруктуу QR-код аркылуу накталай эмес төлөм жүргүзө алат.
  • СМС-билдирүүлөрдүн келиши: дароо жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн жардамында сиз дайыма ар бир төлөмдөн кабардар болуп турасыз.
  • Акча заматта которулат: төлөмдүн суммасы Doscredobank’тан ачкан эсепке же төлөм картасына акчаны которор замат түшөт.
  • Динамикалуу жана туруктуу QR-код: Динамикалуу QR-код: товардын суммасын чечмелеген функция, ошондуктан кардар аны кол менен жазып убара болбойт. Баары дароо төлөмгө даяр!
  • Туруктуу QR-код: бул суммаларды кагазга чыгаруу үчүн ыңгайлуу чечим. Кардарлар өздөрү товардын суммасын тиркемеде көрсөтө алышат.

Банктын QR-код колдонулган продукттары:

  • SmartPOS терминал: Элкарт, Visa төлөм карталары, ошондой эле динамикалуу QR-коддордун жардамы менен төлөмдөрдү кабыл алууга мүмкүндүк берген атайын жабдык. Бул пос-терминалдын ыңгайлуу жана заманбап аналогу.
  • SoftPOS тиркемеси: накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген Android түзмөгү үчүн мобилдик тиркеме. Анын жардамында NFC Элкарт төлөм карталары жана динамикалуу QR-коддун жардамында төлөмдөрдү кабыл ала аласыз.
  • Статикалык QR-код: бул кардарлар үчүн накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүнү жеңилдетүү үчүн тейбл-тент жана кассирлердин жумуш ордунда жайгаштыруу үчүн колдонулуучу вариант.

Биз сиздин бизнесиңиздин өнүгүшүнө салым кошуп жана төлөм кабыл алуу процесстерин жеңилдетүүнү жан дилибиз менен аткарабыз. Бардык суроолор боюнча  8686  номерине кайрылыңыздар (мобилдик телефондон чалуу акысыз)

Doscredobank – бизнесиңиздин накталай эмес төлөмдөр процессин өнүктүрүү үчүн ишенимдүү өнөктөш!