07 Апрель 2025 17:04

Айлыктан айлыкка жашоону кантип токтотсо болот?

Айлыктан айлыкка жашоону кантип токтотсо болот?
Айлык алгандан эки жума өтпөй акча түгөнүп калабы?  Каражатыңды туура башкаруу жана сактоо үчүн ушул жөнөкөй кеңештерди колдон.

 Алгач өзүңө төлө – кирешеңдин 10-20%ын “Бай Бол+” депозитине сактап, жылына 14% пайда ал.

 Бюджетиңди туура бөл:
 Милдеттүү төлөмдөр (ижара, кредиттер)
 Күнүмдүк чыгымдар (тамак-аш, транспорт)
 Жыйымдар жана инвестициялар (депозит)
 Күтүлбөгөн чыгымдар фонду (кеминде 10 000 сом)

 Акчанын бекер кетишин токтот:
 Кереги жок жазылуулар
 Ойлонбой жасалган сатып алуулар
 Бат-баттан тамак заказ кылуу – үйдө тамак бышырууну адатка айлант

 50/30/20 системасын колдон:
 50% – милдеттүү чыгымдар
 30% – жеке муктаждыктар
 20% – топтомо каражаттар

 Чоң сатып алууларды алдын ала планда – Doscredobank өнөктөштөрүнүн бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, бардык акчаңды бир заматта сарптаба.

 Эң негизгиси – акчаңды көзөмөлдөө жана балансты сактоо. Аздан башта, ошондо финансың дайыма тартипте болот!