25 Октябрь 2024 11:10

Жаңы Sendy которуулар системасы эми Doscredobank’та жеткиликтүү!

Кардарларыбыздын ынгайлуулугу үчүн биз “Sendy – акча которуулар” жана “Артыкчылыктар дүйнөсү” мобилдик тиркемелери аркылуу заматта которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген Sendy төлөм системасы – sendy.land кошулганыбызды кубануу менен билдиребиз.

Sendy же World of Privileges тиркемеси аркылуу которууну кантип жүргүзүү керек (россиялык банк карталарынан):

  • "Которуу" тандаңыз.
  • "Кыргызстан" тандаңыз.
  • Телефон аркылуу которуу үчүн: телефон номерин киргизип, банкты, сумманы тандап, “Төлө” баскычын басыңыз.
  • Картага которуу үчүн: картанын номерин, суммасын киргизип, "Төлө" баскычын басыңыз.

Комиссия жөнөтүүчү тарабынан төлөнөт.
Каражаттар рубль менен жөнөтүлүп, сом менен чегерилет.
Бир которуунун максималдуу суммасы 300 000 рублди түзөт.
8000 рублга чейин которуулар үчүн комиссия 49 рублди түзөт.


Көбүрөөк маалыматты банктын бөлүмдөрүнөн же биздин веб-сайттан билиңиз.