“Дос-Кредобанк” ААК Пекинде өткөн SIBOS 2024 конференциясына катышты: негизги темалар жана перспективалар
2024-жылдын 21-октябрынан 24-октябрына чейин Кытайдын Пекин шаарында банк секторундагы эң маанилүү дүйнөлүк конференциялардын бири — SIBOS 2024 иш-чарасы өттү. Ар жылдык иш-чара глобалдык экономиканын келечегин аныктай турган инновациялык чечимдерди жана тренддерди талкуулоо үчүн финансы тармагынын алдыңкы өкүлдөрүн чогултат.
Конференциянын негизги темалары санарип валютадан тартып соода операцияларында жасалма интеллектти (AI) колдонууга чейин маселелердин кеңири спектрин камтыды. Бул технологияларды финансы системасына интеграциялоо жолдору, ошондой эле алардын транзакциялардын ылдамдыгына жана коопсуздугуна таасири каралды. Борбордук банктардын санарип валюталарын (CBDC) өнүктүрүүгө жана глобалдык транзакциялар үчүн аландын потенциалына өзгөчө көңүл бурулду.
“Дос-Кредобанк” ААКнын өкүлдөрү дагы алдыңкы иштеп чыгуулар менен таанышуу, жаңы технологияларды киргизүү тажрыйбасын талкуулоо жана эл аралык өнөктөштөр менен байланышты бекемдөө үчүн иш-чарага катышты. Биздин кесиптештерибиз банктык кызматтарды андан ары санариптештирүүнүн, кардарлардын тажрыйбасын жакшыртуу жана бизнес-процесстерди автоматташтыруу үчүн AI пайдалануунун маанилүүлүгүн белгилешти.
SIBOS конференциясына катышуу “Дос-Кредобанк” ААКга уникалдуу билим алуу жана Кыргызстандын рыногунда алдыңкы чечимдерди андан ары киргизүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо мүмкүнчүлүгүн берди. Жаңы технологиялар жана SIBOS 2024 иш-чарасында жетишилген өнөктөштүк макулдашуулар банкыбыздын финансылык кызматтарын өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачат жана кардарларыбызга инновациялык продукттарды жана сервистерди сунуштоого жардам берет деп ишенебиз.