Шарттары жана талаптары жазылган конвертти алуу үчүн аны ала турган тарап компания тарабынан берилген ишеним кат менен Чүй 92 дарегине, Борбордук филиалдын кабылдамасына келүүсү керек. Байланыш номери: +996 220 24 83 47.
Документтер топтому менен сунуштарды берүүнүн соңку мөөнөтү 2022-жылдын 13-декабры, саат 17:00. Тендерге катышуучу тараптан конверт коштомо кат (эки нускадагы) менен келиши керек. Конверттин сыртында чоң шрифттер менен “ТЕНДЕРГЕ ДОКУМЕНТТЕР, АЧПАГЫЛА” деп жазылышы кажет.