04 Октябрь 2024 16:10

«Дос-Кредобанк» ААК Римде өткөн “Кыргызстан-Италия

Эки тараптуу экономикалык кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” бизнес-форумуна катышты 

Римде “Кыргызстан-Италия: Эки тараптуу экономикалык кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” бизнес-форуму өттү, анда “Дос-Кредобанк” ААКнын өкүлдөрү банктын мүмкүнчүлүктөрү менен жетишкендиктерин тааныштырышты.

Бул форум эки өлкөнүн финансы институттарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана алардын экономикалык байланыштарын бекемдөө үчүн жаңы горизонтторду ачты. “Дос-Кредобанк” ААК мындан аркы өсүү жана өнүгүү үчүн шарттарды түзүү менен, өз ара пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашыруунун үстүнөн активдүү иштөөнү улантат.
Биздин сайттан «Дос-Кредобанк» ААКнын жаңылыктарын жана жаңы жетишкендиктерин карап туруңуздар.