31 Декабрь 2024 13:12

«Дос-Кредобанк» ААК жогорку жетишкендиктер үчүн «Сапат» сыйлыгына татыктуу болду

 «Дос-Кредобанк» ААК Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Сапат» сыйлыгын алганын сыймыктануу менен билдиребиз. Бул сыйлык 2023-2024-жылдардагы технология, илим жана туруктуу өнүгүү жаатындагы биздин жогорку жетишкендиктерибизди тастыктайт.

«Сапат» сыйлыгы экологиялык таза жана инновациялык чечимдерге кошкон салымыбызды баса белгилейт. DCB GREEN программасынын алкагында биз айлана-чөйрөнү коргоого жана "жашыл" экономиканы өнүктүрүүгө багытталган продукттарды жана кызматтарды киргизебиз. Биз ишке ашырып жаткан демилегелердин арасында:

Жашыл облигациялар (#kyrgyzgreenbonds), ал көмүртек изин азайтууга көмөктөшкөн долбоорлорду колдоого алат. 

Экологиялык долбоорлорду каржылоого багытталган жашыл депозиттер.

Кардарларыбызга туруктуу жана экологиялык чечимдерге өтүүгө жардам берген жашыл эко-кредиттер.

Электромобилдердин ээлери үчүн күнү-түнү иштеген, анын ичинде Боом капчыгайындагы электр кубаттандыруучу жайлар. 

Биздин ESG-отчет туруктуу өнүгүү жаатындагы биздин иштерибизди жана амбициялуу максаттарыбызды ачык-айкын жана туура чагылдыруу үчүн кызмат кылат.

Бардык кардарларыбызга жана өнөктөштөрүбүзгө ишеним артканы жана колдоо көрсөткөнү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.

«Дос-Кредобанк» ААК — туруктуулук, экологиялык тазалык, инновациялар.

Бизди тандаганыңыз үчүн рахмат! Биргеликте дүйнөнү жакшыртабыз.