27 Декабрь 2024 14:12

Депозиттерди коргоо агенттигинин сурамжылоосуна катышыңыз

Урматтуу кардарлар!

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги 2024-жылдын 26-декабрынан 2025-жылдын 10-январына чейин социологиялык изилдөө жүргүзүүдө. Аталган сурамжылоонун максаты — калктын депозиттерди коргоо системасы жана Агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу маалымдуулугунун деңгээлин аныктоо, ошондой эле калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.

Сизди бул сурамжылоого катышууга чакырабыз. Сиздин пикириңиз биз үчүн абдан маанилүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга жардам берет.

Сурамжылоодон төмөнкү шилтеме аркылуу өтсөңүз болот:
https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdPnWaQz9d6WlMNFryZwuZGiyemJzjY354eSSi9TBF9IBidQQ/viewform

Коомдун финансылык системасын өнүктүрүүгө кошкон салымыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз!