Урматтуу кардарлар,
Биз мобилдик тиркеменин ишин калыбына келтирдик — учурда кызматтардын көпчүлүгү кадимки режимде жеткиликтүү жана иштеп жатат.
Simbank Visa карталары адаттагыдай иштеп жатат, акча которуулар, төлөмдөр жана башка негизги функциялар да жеткиликтүү.
«Казына» (Копилка) бөлүмү боюнча техникалык иштер жүрүп жатат.
Аталган бөлүмдөгү каражаттар толук коопсуз сакталууда.
Сабырдуулугуңуз жана колдооңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Биз байланыштабыз жана сиздин ишенимиңизди жогору баалайбыз 🖤
📞 Бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз: 7700