Doscredobank ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасындагы шахмат боюнча аймактык турнирге демөөрчүлүк кылды.
Социалдык-кайрымдуулук ишмердүүлүгү биздин банктын корпоративдик стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ушул себептен, биз ден соолугунда маселеси бар балдар үчүн турнир уюштуруу демилгесине четте турбай колдоо көрсөттүк.
Баарыбыз билгендей, шахмат - акылды азыктандыра турган интеллектуалдык кызыктуу оюн. Бардык балдар ден соолукта жана акылдуу болуп өсүшсүн!
Ар бириңиздерге кам көрүү менен, Doscredobank