23 Май 2024 15:05

Simbank

Кымбаттуу достор,


Жакында Simbank тиркемеси – сиздерге ыңгайлуу болушу жана убакытты үнөмдөө үчүн иштелип чыккан, Doscredobank’тан жаңы мобилдик банктык сервис ишке киргизиле турганын кубануу менен жарыялайбыз. Simbank менен бардык банктык жол-жоболор пайдалуу кредиттик карта менен уникалдуу тиркеменин аркасында оңой болот. Биздин кардарларыбыз финансы маселелерин кезексиз, ашыкча кагазсыз жана жашыруун комиссиясыз чече алышат.

Азыр биз Simbank картасына алдын ала буйрутманы чогултуу этабында турабыз.

Тиркеме азырынча жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү эмес, бирок биз аны аяктоонун жана ишке киргизүүнүн үстүнөн талыкпай иштеп жатабыз.


Simbank картасын кантип алуу керек?

  • Алдын ала буйрутманы тариздеңиз: сайтына кирип, Simbank картасына алдын ала буйрутманы тариздеңиз. Сиз тиркеме даяр болгондо биринчилерден болуп ага кирүү мүмкүндүгүн аласыз!

Каттоодон өтүңүз:

  • Тиркемеде жөнөкөй каттоодон кийин сиз Doscredobank бөлүмүндө картаңызды алып кетсеңиз же сиздин дарегиңизге акысыз жеткирүүнү буйрутма кылсаңыз болот.

Simbank — бул банк кызматтарынын келечеги. Бизге кошулуңуз жана Simbank менен ыңгайлуулуктун жаңы деңгээлин жана пайдалуу шарттарын биринчилерден болуп сезиңиз!