Doscredobank’тын кызматкерлери Карагач токоюнда дарак отургузуу акциясына катышты
Doscredobank’тын башкы кеңсеси менен «Берекет» филиалынын командасы Карагач токоюнда өткөн ири экологиялык акцияга кошулду. Бул демилге банктын социалдык жоопкерчилик программасынын алкагында өткөрүлүп, көмүр кычкыл газынын изин азайтууга багытталган.
Иш-чара АУЦАнын Жарандык активдүүлүк борборунун колдоосу менен «Жашыл ай» долбоорунун алкагында өттү.
Жалпысынан 35 түп дарак отургузулду:
Дарак отургузуу – бул жөн гана шаарды көрктөндүрүү эмес. Бул климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш, шаардагы ысык абанын азайышы жана топурактын эрозиясын алдын алуу боюнча реалдуу кадам. Бишкекте жашыл аянттар азайып жаткан шартта мындай демилгелер өзгөчө мааниге ээ.
Карагач токою — Борбордук Азиядагы эң байыркы жасалма токойлордун бири жана жаратылыш эстелиги болуп саналат. Биз бул табият байлыгын сактоого жана калыбына келтирүүгө өз салымыбызды кошуп жатканыбызга сыймыктанабыз.
28 000 дарак 5 жыл ичинде: Doscredobank’тын экологиялык максаты
Туруктуу өнүгүү боюнча DCB GREEN стратегиясынын алкагында жана өзүнүн көмүртек изин азайтуу максатында, Doscredobank 5 жыл ичинде 28 000 дарак отургузууну максат кылып койгон.
Эмне үчүн так ушул сан — 28 000?
Бул банк жүргүзүп жаткан ишмердүүлүктөн (энергия керектөө, транспорт жана кеңсе иштери) чыккан көмүр кычкыл газын толук компенсациялоо үчүн эсептелген көлөм.
План боюнча жылына 5600 түп дарак өлкөнүн ар кайсы аймагына отургузулат.
Азыркыга чейин аткарылган иштер:
Ар бир адам кантип жардам бере алат?
Doscredobank’тан жашыл депозит ачуу менен сиз небереңизге кала турган жашыл келечекке салым кошосуз.
Бул депозиттин 1% суммасы банктын жана өнөктөштөрүнүн экологиялык долбоорлоруна жумшалат:
— дарак отургузуу
— экологиялык билим берүү
— суу ресурстарын сактоо
Өнөктөштүккө чакырабыз!
Doscredobank туруктуу өнүгүүнү жана жаратылышты коргоону колдогон уюмдар, компаниялар, билим берүү мекемелери жана активисттер менен кызматташууга даяр.
Эгерде сиз биз менен бирге шаарларды жашылдандыргыңыз келсе, экологиялык демилгелерди ишке ашыргыңыз келсе жана Кыргызстандын жашыл келечегине салым кошкуңуз келсе — биз сизди өнөктөш катары кубануу менен кабыл алабыз!
Биз менен байланышыңыз: 8686
Бирге туруктуу келечекти курабыз!
Урматтоо менен,
Doscredobank командасы
Экология. Жоопкерчилик. Келечек.