19 Сентябрь 2024 16:09

Урматтуу кардар, мессенджерлерде жана социалдык тармактарда алдамчылык учурлары көбөйгөнүн маалымдайбыз.

Сизден сактык чараларын сактоону өтүнөбүз:  
- WhatsApp же Telegram аркылуу белгисиз номерлерден чалууларга, видеочалууларга жана билдирүүлөргө жооп бербеңиз.  
- Шектүү шилтемелер боюнча өтпөңүз.  
- Өзүңүздүн жеке маалыматтарыңызды, банктык картанын реквизиттерин же паспорттук маалыматтарыңызды үчүнчү жактарга бербеңиз.

Эске сала кетсек, Doscredobank’тын кызматкерлери чалышпайт, эч качан SMS билдирүү менен келген коддорду сурабайт жана сиздин банктык картаңызды сурабайт.