Урматтуу кардарлар,
«Бакай Банк» ААК жана «KICB» ЖАК 2024-жылдын 6-августунан тартып Достук түйүнүнөн чыккандыгы тууралуу билдиребиз.
Ушуга байланыштуу “Бакай Банк” ААКсынын жана “KICB” ЖАКсынын аппараттарында (банкоматтарда, POS терминалдарда) жүргүзүлгөн транзакциялар башка банктардагы транзакциялар катары (Дос-Кредобанк ААКнын тарифтери боюнча) алынат.
«Дос-Кредобанк» ААКсынын сайтынын «Банкоматтар жана терминалдар» бөлүмүндө «Дос-Кредобанк» ААКсынын «Дос-Кредобанк» тармагына кирген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын тизмеси менен таанышууга болот.