Интернет-банкингди коопсуз пайдалануу эрежелери
Сураныч, төмөндөгү маалыматка көңүл буруңуз:
«Дос-Кредобанк» ААК сиздин жеке маалыматтарыңызды электрондук почта аркылуу ЭЧ КАЧАН СУРАБАЙТ, анткени бул коопсуздук түшүнүгүнө карама-каршы келет.
Сураныч, шектүү операциялар жөнүндө билдирүүгө көңүл буруңуз. Эгерде Сиздин эсебиңизге Сиз күтпөгөн акча түшкөнүн билдиришсе, бул алдамчылык аракетин шектенүү үчүн жетиштүү болот.
Төлөм карталарын накталай акчаны, мүлктү сактагандай эле кылдат сактоону сунуштайбыз. Сиздин коопсуздук эрежелерин сактаганыңыз Сиздин картаңыз боюнча алдамчылык тобокелдигин төмөндөтүүгө жардам берет.
Зарыл коопсуздук чараларына байланыштуу сунуштар:
ТӨЛӨМ КАРТАСЫН ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР
Картаны портмонеде же атайын кутуда сактаңыз.
Картаны ийилип калуудан, тытылуудан жана башка механикалык таасирлерден жана бузулуулардан коргоңуз.
Картаны уюлдук телефонго, телевизорго, компьютерлердин дисплейине, муздаткычтарга, видео жана аудиоаппаратурага, микротолкундуу мешке жакын кармоого болбойт.
Картаны магнит бекиткичи бар сумкада же портмонеде кармоого болбойт.
Картаны сууга түшүп кетүүдөн жана күн нурунун узак таасиринен коргоңуз.
1. ФИШИНГ
Азыркы убакта дүйнө жүзүндө банкоматтарда алдамчылыктын эң кеңири таралган жолу скимминг болуп саналат – бул андан ары анын маалыматтарын башка картага жазуу менен, картанын магниттик тилкесин көчүрүү. Төлөм картасы жөнүндө маалыматка ээ болуу менен, алдамчылар картаны жасалмалайт жана ПИН-кодду билүү менен, кыска мөөнөттө түздөн-түз банкоматтар аркылуу банктык эсептердин чоң көлөмүнөн акчаны алат. Төлөм картасы жөнүндө маалыматты окуу үчүн алдамчылар колдонгон түзүлүш (карта номери жана ПИН-код) банкоматтын алдыңкы бөлүгүнө орнотулат жана банкоматтын кадимки бөлүгү катары жашырылат. Мисалы, картанын магниттик тилкесин көчүрө турган окуучу түзүлүш картаны киргизүү үчүн уячанын үстүнө коюлат.
Сиздерден эч качан мындай провакациялык азгырыкка ишенбөөнү жана алдамчылардын кылтагына илинбөөнү өтүнөбүз. Банктан кат алганда муну чындап эле банк жөнөттүбү деп ойлонуп көрүңүз.
2. CКИММИНГ
Фишинг – бул Интернет колдонуучуларды реалдуу болгон сайттардын (онлайн сервистердин, банктардын жана колдонуучу өзүнүн жеке маалыматын калтыра турган башка жерлердин) көчүрмөсүнө кызыктыруу үчүн жасалма каттарды жөнөтүү. Бул билдирүүлөрдө негизинен колдонуучулардан веб-баракчага кирүүнү өтүнүшөт, анда маалыматты жаңыртуу шылтоосу менен жеке маалыматтарды киргизүүнү сурашат. Бирок жабырлануучуга кадыр-барктуу компаниянын веб-баракчасы сыяктуу көрүнгөн нерсе чындыгында алдамчылар түзгөн имитация болуп саналат. Алдамчылар төлөм картасынын номерин, PIN коду, ошондой эле башка жеке маалыматты оңой эле алышат.
Фишингдин жардамы менен алынган маалыматтар интернет-дүкөндөрдө сатып алууларды тариздөө үчүн, ошондой эле почтада же телефондо авторизациялоонун жардамы менен каражаттарды алуу үчүн колдонулушу мүмкүн. Мындай алдамчылыктын негизги коркунучу картадан акчаны алууда ПИН-код колдонулганында турат жана мындай операциялардын жыйынтыгын дээрлик талашуу мүмкүн эмес. Банк кардарлардан берген коддорду жана паролдорду эч качан сурабай турганын эстен чыгарбоо керек. Банктык маалыматтык технологиялар системалары өтө так жана ишенимдүү, ошондуктан кардарлар “бизде бир нерсе жоголду” же “биз бир нерсени текшерели дедик эле” деген билдирүүлөргө ишенбеши керек.