11 Октябрь 2021 16:10

Жаңы алдашу түрлөрү тууралуу эскертебиз!

Урматтуу кардарлар,

Жаңы алаяктар жөнүндө эскертебиз! Алаяктар банк же башка каржы мекемелеринин кызматкерлери болуп жалган маалымат берип, сизден картаңыз же электрондук капчыгыңыз аркылуу бир катар иш-аракеттерди жасоону суранышат жана алдамчылык жол менен онлайн кредиттерди алуу жана акчаларды башка банктык эсептерге/карталарга/электрондук капчыктарга которуу ишин жүзөгө ашырышат.

Мындай кайрылууларга жооп кылып, эч кандай банк операцияларын жасабооңузду жана үчүнчү жактардан жеке маалыматтарды сурап, карталарга/электрондук капчыктарыңызга которууларды же башка иш-аракеттерди жасабооңузду суранабыз.

Алаяктарга алдырбоо үчүн төмөнкү маалыматтарды эске алганыңыз маанилүү:

  • Паролдорду, коддорду, клучтуу сөздөрдү, банк карталарынын маалыматтарын, интернет-банкингде жана банктык тиркемелерде жеке кабинеттердин паролдорун эч кимге билдирбеңиз.
  • СМС билдирүүлөрүнө ишенбеңиз, белгисиз программаларды телефонуңузга жана компьютерге орнотпоңуз.
  • Эгерде сизге банк кызматкери болобуз деп көрсөтүп, "специальный счётка" акча которууну сурашса, акча которбоңуз.
  • Эгерде телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда шектенүүлөр пайда болсо, банктың номерин кол менен терип издеңиз: аны картаңыздын арткы жагынан же банктын веб-сайтынан таба аласыз.
  • Эгер кандайдыр бир жол менен алаяктарга маалымат өткөрүп берсеңиз, дароо 8686 расмий номерине чалып, өз коопсуздугуңуз үчүн кеңеш алууну сунуштайбыз.

Айланаңызга сак болуңуздар жана этият болуңуздар!

Сиздерге кам көргөн, Dos Credobank!