27 Декабрь 2024 14:12

2024-жылдын жыйынтыктары: Doscredobank’тын жетишкендиктери жана Кыргызстанды өнүктүрүүгө кошкон салымы

2024-жыл Doscredobank үчүн олуттуу жетишкендиктер, өсүш жана инновациялар жылы болду. Биз финансы рыногунда өз позициябызды гана бекемдебестен, социалдык демилгелер жана заманбап продукттарды киргизүү аркылуу коомдун өнүгүүсүнө жигердүү салым коштук. Ийгиликтүү жылдын жыйынтыгын чыгарабыз.

ESG-отчет: туруктуу келечекке карай жолубуз 

Быйылкы жылдагы негизги кадамдардын бири — экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин ишке ашырууга болгон умтулуубузду чагылдырган биринчи ESG-отчетту чыгаруу болду. Бул отчет ачык-айкындуулуктун инструменти гана эмес, Кыргызстан үчүн туруктуу келечек түзүү боюнча миссиябыздын чагылышы болуп калды.

SIMBANК тиркемесин ишке киргизүү

2024-жылы Doscredobank санарип өзгөрүүдө маанилүү кадам жасап, SIMBANK мобилдик тиркемесин жана стилдүү кара кредиттик картаны сунуштады.
Кардарларга төмөнкүлөр сунушталды:

200 000 сомго чейин кредиттик лимит —кошумча каражат дайыма колуңузда.
62 күнгө чейин жеңилдетилген мезгил — ашык төлөөсүз кредиттик каражаттарды пайдалануу.
Сатып алууларга 20%га чейин кэшбэк —250 сомдон баштап картага каражаттарды кайтаруу.
Акысыз жеткирүү же бөлүмдө алуу менен 3 мүнөттө тариздөө.

SIMBANK тиркемеси жана карта кардарларга финансыны ыңгайлуу башкаруу, пайдалуу сатып алуулар жана Shake to Pay сыяктуу функцияларды пайдалануу, жалпы эсепти бөлүшүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана чыгымдардын графиктерин берет.

Бул инновациялар банктын финансылык кызматтарын кыйла ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.

Филиалдык тармакты кеңейтүү

Биздин жеткиликтүүлүк стратегиясын улантуу менен жаңы үч сберкасса ачтык:

  • Куршаб (Ош облусу),
  • СК «Дастан Сити» (Бишкек),
  • Жалал-Абад.

Социалдык демилгелер: жардам жана камкордук

Социалдык долбоорлорго активдүү катыштык:

  • 9-май Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге жардам;
  • Орозо Айт жана Курман Айт күндөрүндө финик жана суу таратуу;
  • 8-мартта аялдарды бардык сберкассаларда куттуктоо;
  • Кара-Суу айылынын жайлоодогу бала бакчаларына жардам көрсөтүү;
  • Онкологиялык оорулуу балдар үчүн шахмат турнирин уюштуруу.

Финансылык сабаттуулук жана кардарларды коргоо

Студенттер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча бир жума өткөрүлүп, өлкө боюнча окуу жайларды камтыды. Ошону менен катар алдамчылыктан коргонуу боюнча маалыматтык кампания жүргүзүлүп, кардарлар биздин кызматтарды коопсуз пайдалануу боюнча билим алышты.

Туура депозиттик программалар

2024-жылы биздин депозиттик продуктылар ишенимдүүлүктүн жана туруктуулуктун символу болуп калды:

  • «Бай Бол +» 14% жылдык кирешелүүлүк менен;
  • «Бай Бол» рубль жана сом түрүндө.

Эл аралык кызматташтык жана жаңы горизонтор

Кытай жана Римде уюштурулган жолугушуулар кардарлар жана өнөктөштөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

2024-жыл биздин максаттарга жетүүдө маанилүү этап болду. Бул жылдагы колдооңуз үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз жана алдыдагы жаңы горизонтторду ишеним менен карайбыз.

Doscredobank — жаңы бийиктиктерге бирге жетебиз!