Эмне үчүн биз кереги жок нерсени сатып алабыз — жана кантип мунун алдын алса болот?
Global Money Week алкагында Simbank менен бирге — акчага болгон аң-сезимдүү мамиле жөнүндө 💸
Айрым учурда сатып алуу — бул буюм эмес, абал. Кээде зериккенде, стрессте, чарчаганда же жөн гана өзүңдү кубантууну каалаганда — капысынан жаңы заказ пайда болот. Бул көрүнүш думспендинг деп аталат — акчаны чыныгы муктаждык эмес, эмоция менен коротуу.
Global Money Week — дүйнөлүк каржылык аң-сезим апталыгы. Биз Simbank’та бул жумада жөнөкөй көнүмүштөр менен бөлүшүп жатабыз — алар акчаны көзөмөлдөөгө жардам берет, ошол эле учурда өзүңүздү кубантуу мүмкүнчүлүгүн да калтырат.
🧘 1. Сатып алуудан мурун пауза жасаңыз
Онлайн бир нерсе жактыбы? Дароо сатып алууга шашылбаңыз. Сайтты жабыңыз же тиркемени жабыңыз, 15 мүнөткө болбосо 1 күнгө башкыңызды буруңуз.
Эгер эртеси дагы деле керектүү болуп сезилсе — кайтып келип сатып алыңыз. Болбосо — сонун, акча сакталды.
🎯 2. Маркетинг ыкмаларын таанып үйрөнүңүз
«Жөн гана бүгүн!», «Акыркы 1 даана калды!», «Скидка бүтөт» дегендер — эмоцияга ойногон триггерлер.
Бир суроону бериңиз: бул нерсени арзандатуу болбой калса деле алмак белем?
💸 3. “Каалайм” бюджети болсун
Тек гана үнөмдөп жашоо мүмкүн эмес — өзүңдү кубантуу да керек. Болгону — пландуу түрдө.
Ар айда аз болсо да өзүнчө сумма бөлүп коюңуз жана чыгымдарыңызды Simbank тиркемеси аркылуу көзөмөлдөп туруңуз — кайсы категорияларга көп кетип жатканын көрүп, ашыкча болуп кетпегенине көз саласыз.
🐖 4. Сатып алуунун ордуна — Казынага которуңуз
Азгырылуу пайда болдубу? Ошол сумманы Simbank’тагы Казынага салып көрүңүз. Бир нече күндөн кийин унутуп да калышыңыз мүмкүн же тескерисинче — сатып алууну чындап каалап жатканыңызды түшүнөсүз. А бул аралыкта акчаңыз жылдык 7% менен өсө берет.
🔒 5. Сатып алуу жолун бир аз “оорлоштуруңуз”
Онлайн-дүкөндөрдөгү автоматтык сакталган карталарды алып салыңыз. Бул жөнөкөй ыкма, бирок иштейт: кол менен толтуруу — көбүрөөк ойлонууга шарт түзөт.
💬 Каржылык аң-сезим — бул чектөө эмес, тандоо
Маанилүүсү — баарынан баш тартуу эмес, кереги жок каалоолорду чыныгы муктаждыктардан ажырата билүү.
📱 Simbank — ОАО «Дос-Кредобанк» тарабынан иштелип чыккан мобилдик сервис.
Анализ, топтоо, кешбэк, кредиттик лимит — баары бир тиркемеде, акыл менен.
📄 НБ КР лицензиясы №037