31 Март 2025 12:03

​​​​​​​Акционерлердин кезектеги Жалпы чогулушу өткөрүлдү

Акционерлердин кезектеги Жалпы чогулушу өткөрүлдү
«Дос-Кредобанк» ачык акционердик коому 2025-жылдын 27-мартында саат 14-00дө Бишкек ш., Чүй пр., 92 дареги боюнча акционерлердин кезектеги Жалпы чогулушу өткөрүлгөндүгүн акционерлерге кабарлайт. Чогулуштун кворуму 89,8284 %ды түздү.

 Добуш берүүгө коюлган маселелер:

Эсеп комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу.

 

  • 2024-жылы аткарылган иштер жөнүндө Директорлор кеңешинин отчетун кароо тууралуу.
  • 2024-жылдагы Банктын иши жөнүндө Башкарманын финансы отчетун бекитүү тууралуу.
  • 2024-жылдагы Банктын финансы отчетторун бекитүү тууралуу (КРУБ жана ФОЭС боюнча эки отчет).
  • 2024-жылдагы Банктын ишин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча тышкы аудитордун корутундусу тууралуу.
  • 2024-жылдагы Банктын бизнес-планынын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу.
  • 2025-жылга бизнес-планды бекитүү тууралуу.
  • Өткөн жылдардын (2023, 2024-жж.) жыйынтыктары боюнча бөлүштүрүлбөгөн пайданы бөлүштүрүү тартиби тууралуу
  • «Дос-Кредобанк» ААКнын жүгүртүүдөгү акцияларынын санын көбөйтүү, кошумча чыгарылган акцияларды жайгаштыруу тартибин жана мөөнөтүн бекитүү.
  • «Дос-Кредобанк» ААКнын Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү.
  • Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө.
  • Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө сый акы төлөө шарттары жана өлчөмү.
  • 2025-жылга финансы отчетунун тышкы аудиторун шайлоо жана анын сый акысынын өлчөмүн аныктоо жөнүндө.
  • 2025-жылга маалыматтык коопсуздук боюнча тышкы аудиторду шайлоо жана анын сый акысынын өлчөмүн аныктоо жөнүндө.

      Акционерлердин кезектеги Жалпы чогулушу тарабынан кабыл алынган чечимдер:

Жылдык Жалпы чогулуштун эсеп комиссиясы бекитилсин.

 

  • 2024-жылы аткарылган иштер жөнүндө Директорлор кеңешинин отчету бекитилсин.
  • 2024-жылдагы Банктын иши жөнүндө Башкарманын отчету бекитилсин.
  • КРУБ жана ФОЭС тараптарына ылайык 2024-жылдагы Банктын финансы отчеттору бекитилсин.
  • 2024-жылдагы Банктын ишин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча тышкы аудитордун корутундусу эске алынсын.
  • 2024-жылдагы Банктын бизнес-планынын аткарылышы жөнүндө отчету бекитилсин.
  • 2025-жылга бизнес-план бекитилсин.

КРУБ талаптарына ылайык эсептелген өткөн жылдардагы (2023, 2024-жж.) бөлүштүрүлбөгөн пайданы Банктын Уставдык капиталын көбөйтүүгө багытталсын


- Алынган таза пайданын калган бөлүгү бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинде калтырылсын.

534 716 (беш жүз отуз төрт миң жети жүз он алты) нуска санында жыйырманчы эмиссияда жөнөкөй энчилүү акцияны кошумча чыгаруу аркылуу «Дос-Кредобанк» ААКнын жүгүртүүдөгү акцияларынын саны көбөйтүлсүн, кошумча чыгарылган акцияларды жайгаштыруу тартиби жана мөөнөтү бекитилсин.
- «Дос-Кредобанк» ААКнын уставдык капиталы 2 120 414 000 (эки миллиард жүз жыйырма миллион төрт жүз он төрт миң) сомго чейин көбөйтүлсүн.

«Дос-Кредобанк» ААКнын Уставын жаңы редакцияда бекитилсин.
4 жылдык мөөнөткө «Дос-Кредобанк» ААКнын Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү бекитилсин:

  • Орозбаева Лада Джантаевна
  • Ибрагимова Далида Тынаевна.


Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнө ар айлык сый акы белгиленсин
«Бейкер Тилли Бишкек» ЖЧК тышкы аудитор болуп шайлансын жана Директорлор кеңеши тарабынан сунушталган өлчөмдө сый акы аныкталсын;
«Бейкер Тилли Бишкек» ЖЧК Банктын маалыматтык коопсуздугу боюнча тышкы аудитор болуп шайлансын жана Директорлор кеңеши тарабынан сунушталган өлчөмдө сый акы аныкталсын;

 

Председатель Правления                                                                                 Т.Э. Омуралиев

 

Исп.: Касымалиева Р.

Тел.:0 312 98-67-95