Бүгүн 15:01

«Дос-Кредобанк» ААКда жетекчиликте өзгөрүүлөр болду

«Дос-Кредобанк» ААКда жетекчиликте өзгөрүүлөр болду 

«Дос-Кредобанк» ААК жетекчиликтин курамында маанилүү өзгөрүүлөр болгондугун билдирет. Чолпон Молдалиевна Эшбердиева 2021-жылдан бери ээлеген Башкарманын Төрагасы кызматында өз ишин аяктап жатат.

Чолпон Молдалиевна 2014-жылы Башкарманын Төрагасынын орун басары кызматын ээлеп, банкта өз жолун баштаган. Бул жылдары ал кесипкөйлүктүн жогорку деңгээлин жана стратегиялык көз карашын көрсөтүп, 2021-жылы банкты жетектөөгө киришкен.

Анын жетекчилиги астында банк Кыргызстанда биринчи жашыл банк болуу, жашыл облигацияларды чыгаруу, эл аралык сыйлыктарга татыктуу болуу жана өз тармагын кыйла кеңейтүү менен, олуттуу ийгиликтерге жетишти. Чолпон Молдалиевна банкты өнүктүрүүгө, рынокто анын позициясын бекемдөөгө жана инновациялык финансылык чечимдерди киргизүүгө олуттуу салым кошту.

Банктын Башкармасынын Төрагасы кызматына банк жана финансы чөйрөсүндө 20 жылдан ашык  тажрыйбасы бар Өмүралиев Талантбек Эсенгулович дайындалды. Анын кесиптик портфелинде – КРУБдун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык долбоорлорду ишке киргизүү жана ишке ашыруу, QR-коддордун улуттук стандартын, стартап-долбоорлордун IT-хакатондорун, “Элсом” системасын (электрондук капчык),  I-bank (интернет-банкинг), төлөм карталарын, камсыздандыруу компаниясын, банктар аралык процессинг борборун, электрондук иш кагаздарын жүргүзүүнү жана аралыктан идентификациялоо системасын киргизүү бар. Ошондой эле ал банк секторун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргызстандын Банктар бирлигинин Ардак грамотасына татыктуу болгон.

Чолпон Молдалиевна Эшбердиевага жемиштүү иштеген жылдары үчүн ыраазычылык билдиребиз жана мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалайбыз.

Урматтоо менен, «Дос-Кредобанк» ААК командасы